Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

КУРМАНБЕК БАКИЕВ: «ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ЭЛ АРАЛЫК ТАЛАПТАРГА ЫЛАЙЫК ӨТКӨРҮЛӨТ»


Бакыт Аманбаев АКШнын коргоо минстри Доналд Рамсфелд 14-апрелде Кыргызстанга иш сапары менен келди. Ушул эле күнү ал мамлекет башчынын милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Курманбек Бакиев менен жолугушуу өткөрдү. Андан соң Доналд Рамсфелд жана Курманбек Бакиев журналистерге маалымат жыйын өткөрүштү. Курманбек Бакиев президенттик шайлоо эл аралык талаптарга ылайык өткөрүлө тургандыгын маалымдады. Ал эми Доналд Рамсфел кыргыз бийлигине ийгилик каалады

АКШнын коргоо минстри Доналд Рамсфелд адегенде “Манас” аба майданындагы эл аралык антитеррордук күчтөр жайгашкан аскер базасында болду. Андан соң ал өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев менен жолугушту. Жолугушууга Кыргызстандын коргоо минстри Исмаил Исаков, тышкы иштер министри Роза Отунбаева катышышты.

Ушул эле күнү Доналд Рамсфелд жана Курманбек Бакиев журналистердин суроолоруна жооп берди. Маалымат жыйында АКШнын коргоо министри Кыргызстанга иш сапарынын башкы максаты тууралуу буларды билдирди:

-Менин Кыргызстанга келүүгө мүмкүнчүлүгүм болгондугу үчүн кубанычтуумун. Айтып коюучу нерсе, дүйнө жүзү Кыргызстандагы окуялардын өнүгүшүн абдан көңүл буруу менен байкап турат. Мен Кыргыз элинин өзү каалаган жогорку бийлик өкүлдөрүн тандап алуу укугуна ээ болуп, демократиялык рефомаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алганына кубанычтуумун. Ошондой эле биз эки өлкөнүн аскердик-техникалык, эл аралык терроризм жана Ооганстанды калыбына келтирүү боюнча кызматташтыгына жакшы баа беребиз. АКШ нын өкмөтү Кыргызстандын жаңы бийлигине өлкөдөгү демократиялык реформаларды жүргүзүүдө, адам укугун коргоодо жана өлкөдөгү саясий кырдаалды турукташтырууда ийгиликтерди каалайт.

Жолугушуу учурунда президенттик шайлоо тууралуу сөз болдубу, деген суроого өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев мындайча жооп берди:

-АКШ нын коргоо министри менен жолугушууда шайлоо тууралуу сүйлөштүк. Мен президенттик шайлоо эң башкысы Конституцияга, башка мыйзамдарга жана ЕККУ нун талаптарына ылайык өтөөрүн айттым.

Ошондой эле Курманбек Бакев Кыргызстандагы соңку саясий окуяларга байланыштуу өлкөгө буга чейин жайгаштырылган эл аралык антитеррордук күчтөрдүн мандаты узартылабы деген суроого мындайча жооп берди:

Жолугушуу учурунда экономикалык, саясий жана аскердик кызматташтык тууралуу сөз болду. Мен өкмөт башчы катары буга чейин АКШ нын жана кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы келишимдердин бардыгы толук аткарылаарын айттым. Кошумча аскер күчтөрдү жайгаштыруу тууралуу сөз болгон жок. Менин оюмча, учурда башка өлкөнүн аскердик күчтөрүн кошумча көбөйтүүнүн зарылдыгы жок. Кыргызстандагы кырдаал кыргыз өкмөтү тарабынан толук түрдө көзөмөлдөнүп турат.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына караганда, Доналд Рамсфелд ушул эле күнү өз мекенине учуп кетти.

XS
SM
MD
LG