Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:29

КОҢШУЛАР КОЛДОМОЮНЧА ИРАК ТЫНЧЫБАЙБЫ?


Вашингтон Багдаддагы элчиси Залмай Халилзаддын Ирандын бийликтери менен Ирактагы коопсуздукту турукташтыруу маселесин талкуулоо пландарын жактырды. АКШнын мамлекеттик департаменти бирок бул сүйлөшүүлөр АКШ-Иран алакаларына эч кандай өзгөрүү алып келбейт, деп эскертти. Тегерандын өкүлдөрү азырынча АКШ менен кандайдыр сүйлөшүү өткөрүү ниети жок экенин билдиришти.

“Ти-Ньюсуик-Уай” басылмасы жакында АКШнын Багдаддагы элчиси Залмай Халилзадга Ирактагы коопсуздукту калыбына келтирүү иштерине Иранды тартууга АКШ президенти Жорж Буш уруксат бергенин жарыялады. Ага удаа АКШнын мамлекеттик департаменти Багдаддагы элчинин бул демилгеси АКШ-Иран мамилелерине таасир этпейт, деп тактоо киргизди. Кошмо Штаттар 1979-жылы Иранда исламдык ыңкылап ишке ашып, АКШ элчилигине кол салуу болгондон тарта Тегеран менен дипломатиялык байланыштарын токтоткон бойдон.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз өкүлү Син МакКормак дүйшөмбүдө элчи Халилзад Иран менен Ирак маселесин талкуулоого гана мандат алды, сүйлөшүүлөр маалында башка бир да маселе козголбойт деп кошумчалады:

- Элчиге абдан чектелүү мандат берилди, ал жалаң Иракка байланыштуу маселелерди гана талкуулай алат. Ооганстанга байланыштуу маселелерди талкуулай турган 6+2 форматындагы көп тараптуу форум бар, ага Иран да кирет. Бул жерде да ошондой көп тараптуу формат сыяктуу долбоор жөнүндө сөз болуп жатат.

АКШ жана Ирандын дипломаттары Ооганстандагы кырдаалды Женевадагы жабык сүйлөшүүдө талкуулашкан. Соңку жылдары эки өлкөнүн ырасмий өкүлдөрү менен адистери бир нече ирет бейформал жолугушуу өткөрүштү. Азырынча элчи Халилзад Ирандын өкүлдөрү менен Ирак маселеси боюнча сүйлөшүү өткөргөнү, же кайсы күнгө белгилеп жатканы беймаалым.

Дүйшөмбү күнү Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Хамид Реза Асефи Тегерандын күн тартибинде Вашингтон менен сүйлөшүү пландары жок деп маалымдады.

Тегерандык саясат таануучу, илимдин доктору Садек Зибакалам Ирандын бийликтери Вашингтон менен Ирак боюнча сүйлөшүүгө барышы мүмкүн, бирок башка да маселелерди талкуулоону шарт коюшу мүмкүн деп эсептейт.

- Ирандын бийликтери формалдуу түрдө башкача билдирүүлөр жасаганы менен, албетте, Иракта тынчтык орноп, АКШ аскерлери тезирээк чыгып кетишин ыкчамдатууга кызыкдар. Бул маселени талкуулаш үчүн Тегеран кандай шарт коет, маселе ушунда жатат. Эң аз дегенде, Иран ал үчүн өзүнүн өзөктүк программасы боюнча талаптарды жумшартып, байытылган уранды өндүрүү ишин жайына коюну каалайт болушу керек.

Тегеранда чыгуучу гезиттер Иран – АКШнын Ирактагы операцияларын мыйзамсыз баскынчылык деп эсептесе, Вашингтон Ирактагы кол салууларга Иран тымызын колдоо көрсөтөт деп ишенет, анан кантип эки тарап орток пикир таба алмак эле? – деп суроо коюп жатышат. Байкоочулар эмнеси болсо да, Ирак маселесине Иранды тартуу ниети менен АКШ бийликтери коңшулаш Иран колдомоюнча, Иракта бейпилдик орнотуу мүмкүн эместигин түшүнгөнүн айгинелейт дешет.

Сүрөттө:Залмай Халилзад
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG