Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:16

БЕЛОРУССИЯ: БИР КИШИНИН ШАЙЛООСУ


Белоруссияда президенттикке талаптангандар шайлоочулардан кол топтоо ишин аякташты. Бийликтеги мамлекет башчысын колдогондордун саны быйыл беш эсе көп болду. Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү ырастаган маалыматтарга караганда, Лукашенкого шайлоодо үч атаандаш чыгышы мүмкүн. Алардын ар бири топтогон колдордун саны 100 миңден биртке ашты.

Президент Александр Лукашенкого атаандаш болчулардын арасында бириккен оппозициянын кандидаты Александр Милинкевич,либерал-демократтардын жетекчиси Сергей Хайдукевич жана социал-демократтардын лидери Александр Козулин аталууда. Алар топтогон колтамгалардын баарын азыр борбордук шайлоо комиссиясы текшерип жатат. Тизмеден кынтык табылбаса,алар президенттикке ырасмий түрдө кандидат болуп катталышат.

Минскиде чыгуучу интернет-гезиттин редактору Александр Класковский да ушул үч киши бийликтеги президент менен мандат талашка түшүп калышы ыктымал деп болжолдойт. Ал эми Лукащенко үчүн топтолгон кол болжолдо 2 миллионго чукулдап барат болуу керек, кандай болгон күндө да бул 2001-жылдагыдан беш эсе көптүк кылат.

Лукащенко он эки жыл мурда президент болуп шайлангандан бери мамлекет башчысынын кызматын өз энчисине бекем басып алды. Мыйзамды өзгөртүп, бул жолу да шайлоого катышууда. Аны Батышта “Европанын акыркы диктатору” дешет. Анын кезектеги мөөнөткө президент болорунан өлкөдө эч ким күмөн санабайт. Оппозициянын өкүлдөрү Белоруссияда адилет шайлоо эбак эле болбой калган дешет. Ошондуктан көпчүлүк талапкерлер оюндан чыгышты. Алардын бири-консервативдүү христиан партиясынын лидери Зянон Позняк. Өткөн аптанын башталышында борбордук шайлоо комиссиясынан ага топтогон колдордун тизмесин баары бир жаратышпай турганын ачык айтышкан. Позняктын тарапкерлерин күн сайын полиция кармап, айрымдарын камап, алардын иши мыйзамсыз экенин ошол замат шайлоокомго билдирип турушкан.

Адилет шайлоо болоруна дегеле ишенбегендиктен оппозициянын дагы бир кандидаты Сергей Скрабетс оюндан чыгып,социал-демократтардын лидерине жардамдашмай болду. Парламенттин жогорку палатасынын мурдагы спикери Александр Войтович да шайлоого катышуунун эч кандай кажети жок деп эсептеп, талапкерлигин алып салды. Байкоочулардын баары быйыл деле Белоруссияда бир кишинин – Лукашенконун гана шайлоосу болот дешет.

XS
SM
MD
LG