Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:11

ТУРИНДЕГИ ОЛИМПИАДАДА СТАДИОНДОР ТОЛБОЙ КАЛЧУДАЙ


Венера Сагындык кызы , Прага Жума күнү Италиянын Турин шаарында кышкы Олимпиада ачылаарына аз калды. Алдыдагы эки жума бою Италиянын түндүгүндөгү бул шаар - дүйнөнүн булуң-бурчунан чогулган спорт ышкыбоздорунун чордонуна айланат. Бирок италиялыктар өзүлөрү кышкы Олимпиадага үзүлө түшүп кызыкканы байкалбайт, айрымдар муну Италияда спорттун башкы түрү футбол деп түшүндүрсө, башкалары жергиликтүү калк жакындап калган шайлоо менен алек дешет.

Алессандро Коста көгүлтүр деңизди жакшы көрөт. Италиянын түштүгүндөгү Сицилия аралынын борбору Палермодогу менчик наабайканасынын жанында туруп алып ал: Биз күн жаркырап нурун чачып, деңиз толкуп турганга жедеп көнгөнбүз. Ошондуктан лыжа тепкенден көрө сууга сүзгөндү жакшы көрөбүз, - деп кышкы Олимпиаданы барып көрүүгө кызыга берээрин айтат.

Америкалык журналист Кристофер Виннер ондогон жылдардан бери Италиянын борбору Римге келип-кетип жашап жүрөт.

- Мен италиялыктар арасында дегеле кышкы Олимпиадага кызыгуу бар деп айта албайм. Эгерде ага дүйнөлүк жылдыздар келип катышса бир жөн эле, Туринге андай жылдыздар да келбей калды.

Олимпиаданы өткөрүү ишин башкарган италиялык жетекчилер мелдештерди көрүүгө даядалган билеттердин 60%ына жакыны гана сатылганын билдиришти. Маалыматка караганда, алардын жарымынан азын жергиликтүү көрөрмандар алышкан. Айрым эксперттер италиялык уюштуруучулар рекламаны начар жүргүзгөн деп эсептешет.

Теги Италиялык Карло Капальбо – Олимпиаданын квалификациялык мелдештеринин бири – Прага Эл аралык марафону уюмунун маркетинг бөлүмүн башкарат. Ал Туриндеги кышкы Олимпиада ийгиликтүү өтөөрүнө ишенет, бирок Италияда ага кызыгуу жаңыдан жанданып келатканын моюнга алат.

-Балким, бул чындык. Башында италиялыктар бул дүйнөлүк мелдешке маани бербей жатышкан, алар адатта жайкы оюндарга жакын эмеспи. Бир жагынан бул Туриндин көп ачыла бербеген, момун мүнөздүү элине байланыштуу болушу да мүмкүн.

Ага кошумча Италиялык солчул саясий күчтөр Олимпиадага каршы тураарын жарыялап, алардын башкы демөөрчүсү – “Кока-кола” компаниясы оюндар учурунда нааразылык акцияларын уюштурушу мүмкүн деген кабарлар тарады. НАТОнун дүйнөлүк мелдештин коопсуздугун камсыздап берүү сунушун четке каккан Италияын бийликтери баары жогорку деңгээлде өтөөрүн кайталап жатышат. 7-февраль күнү Италиянын президенти Карло Чампи улуттук телеканалдан элге кайрылды.

-Олимпиаданы ийгиликтүү өткөрүү – Пьемонт чөлкөмү жана жалпы Италия үчүн намыска тете иш. Бул – биздин жөндөмүбүздү көрсөтүү мүмкүндүгү жана мындан аркы өнүгүүгө алып барчу жол. Аны колдон чыгарбашыбыз керек. Ар бирибиздин мойнубузга чоң жоопкерчилик артылды.

Италия - аба-ырайы, калкынын кулк-мүнөзү жагынан ар түстүү боек менен тартылган аймак десек болот. Жума күнү кышкы Олимпиада ачылганы жаткан Турин шаарында акыркы курулуш иштери дагы эле шакылдап жаткан кез. Ал тапта саясий күрөштүн айынан Туринге италиялык атактуу спорт жылдызы Альберто Томба барбай турганы жарыяланды, ал кышкы Олимпиада отун жандырат деп күтүлүп жаткан. Айрым жергиликтүү тургундар жайында өтө турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка көбүрөөк кызыгаарын айтса, Сицилия өңдүү түштүк региондордо жашагандар кышкы суукка чыдабайбыз, жылуу климатка көнгөнбүз дешет.
XS
SM
MD
LG