Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:45

МУССАУИ ӨЛҮМ ЖАЗАСЫН АЛЫШЫ МҮМКҮН


2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук балааматтарга байланыштуу айыпталып жаткан Закария Муссауини өлүм жазасына тартса болот. Соттун калыстар коллегиясы – жюри мүчөлөрү ушундай бүтүмгө келишти. АКШнын Александрия шаарындагы сот Муссауинин 11-сентябрдагы иштерге активдүү катышканы далилденди деп тапкан эле. Эми айыпкер өлүм жазасына өкүм кылынабы же өмүр бою түрмөгө кесилеби – муну да калыстар тобу чечет.

Он эки адамдан турган калыстар соту 11-сентябрга бир нече апта калганда кармалган Муссауи ФБРге жалган айткан, ушул калп кийин үч миңден ашуун адамдын өлүмүнө себеп болгон деген чечимге келди. Соттун өкүлү ырастагандай,калыстар жюриси башка жазалар менен бирге бул иште өлүм жазасын колдонсо болот деп тапты.

Эми соттун экинчи этабы башталат. Калыстар соту Муссауиге өлүм жазасы берилеби же өмүрү өткөнчө түрмөдө отурабы – ушуну аныктайт.

Закария Муссауи 11-сентябрдагы террордук алааматтарга байланыштуу соттолуп жаткан жападан жалгыз айыпкер. Ал 2001-жылдын августунда кармалган,түпкү теги жагынан марокколук, француз жараны. Буга чейин өзүнө коюлган күнөөлөрдү моюнга алган эмес. Бирок өткөн айда сотто өзү суранып, 11-сентябрдагы кыянаттарды күн мурунтан билгенин жана муну тергөө учурунда атайылап жашырып койгонун моюнга алды. Мындан тышкары ал Усама бин Ладендин жеке өзүнөн буйрук алганын,ага ылайык самолетту басып алып, Ак үйгө келип урунууга тийиш болгонун,бирок планы ишке ашпай, капыстан кармалып калганын айткан эле.

Муссауинин бул көрсөтмөсү ар түрдүү жоромолдорду пайда кылды.Британдык эксперт Крис Беллэми муну өтө олуттуу көрсөтмө деп эсептейт,анткени бин Ладендин бул иштерге канчалык катышы бар экени буга чейин бүдөмүк болуп келген эле. Эми болсо Муссауи жеке бин Ладенден буйрук алгам деп айтып отурат, ушунун өзү өзгөчө көрсөтмө болду. Бирок ал чын эле буйрук алган-албаганын айтуу кыйын,дейт Беллэми

Башка бир байкоочулар мындан төрт жылдай илгери шахид боло албай калган Муссауи дале болсо өзүнө азаптуу өлүм издеп жатат дешет. Калыстар жюрисинин бүтүмүн укканда ал өзүнүн тагдыры Алланын колунда экенин айтып,тим болду

XS
SM
MD
LG