БАТКЕН. Кылмыш иштерине шектүү делип кармалган алты адам, анын ичинен бирөөсү аял. Кармалгандарга Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин бир канча, анын ичинен чегараларды мыйзамсыз өткөндүгү, атайлап киши өлтүрүү, курал жана ок-дарыларды уурдоо, контрабанда жана башка фактылары боюнча кылмыш иштери козголуп, териштирилип бүткөн. Ушул жумада алардын иши сотко өткөрүлөт. Ошондой эле териштирүү учурунда кармалгандар “Хизб-ут Тахрир” жана Түркстан Ислам кыймылы уюмдарынын мүчөлөрү экени анык болду.
Сабыр Абдумомунов
Сабыр Абдумомунов