Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

МАСКӨӨДӨ ЕВРОКЕҢЕШТИН ДЕМОКРАТИЯНЫН КЕЛЕЧЕГИНЕ АРНАЛГАН ОЛТУРУМУ АЧЫЛДЫ


Кечээ, 18-октябрдa Москвада Европалык Кенештин демократиянын келечегине арналган жыл сайын өтчү олтуруму ачылды.Эки күнгө созулуучу жыйында демократиялык институттарды курууда саясий партиялардын ролу – башкы тема болорун айтышууда. Олтурумга жогорку орундагы саясатчылар – арасында орусиялык Мамдуманын төрагасы Борис Грызлов, тышкы иштер министри Сергей Лавров, Европалык Кеңештин башкы катчысы Терри Дэвис жана Европалык Кеңештин парламенттер жыйынынын президенти Рене ван дер Линден катышууда.Анализчилер божомолунда күн тартибиндеги маселени аны талкууга алып аткандар ар башкача түшүнүшөт.

Орусиялыктар ордо калаасына келип жыйын ачкан Европалык Кеңеш төбөлдөрү «көзкарандысыз демократия» деген эмне жана ага саясий партиялар таасири барбы, ошого жооп издеп атканын анализчилер жазышат. Европадан келгендер демократиялык баалуулукту бир башка, орусиялык саясий төбөлдөр бир башка кабылдашары белгиленет. Маселен, Еврокеңештин башкы катчысы Терри Дэвис журналист Анна Политковскаянын киши колдуу болуп өлүшү демократияга урулган катуу сокку болду деген. Ал эми өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Мамдума төрагасы Борис Грызлов сүйлөгөн сөздөрүндө журналист туурасында эч нерсе айтышкан эмес.

Мындай өзгөчөлүк өлкөдөгү биринчи партия (Бирдиктүү Орусия – ММ) турпаты административдик иштерди турмушка ашыруучу апсапка айланып кетишинен деп чечмелейт анализчи Юрий Ханжин. Ал чындыгында паритиялык ишти аткарбайт, ал, куду советтик кездеги компартия сыңары, үстүдөн түшүрүлүүчү чечимдерди гана ишке ашырат дейт:

«Президент эмнени туура деп эсептесе «Бирдиктьнү Орусия» ошону аткарып турчу партия», - дейт анализчи. Ошондуктан азыркы башкаруучу топ бийликте кезинде анын да ушул бойдон кала берерин айтат.

Орусияда бийлик партиясына оппозиция болор күч аз, нары алсыз. Коммунисттер, ЛДПР, ЯБЛОКО партиялары чындап оппозиция болуу колдорунан келбейт. Ошондуктан Еврокеңешке мүчө 46 өлкөлөрдөн келген өкүлдөр олтуруму деле кремлдик «көзкарандысыз демократияны» башка жолго салып ийишери күмөн санатат дешет.

Орусиялыктарга еврокеңешинде айтылган «жеткинчек же жетилген» деген баадагы демократия жарашпай тургандыгын өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров айткан:

«Укук бербөөчүлүктөгү ар кандай экилтик мамиле ишке пайда алып келбейт. Алар европалыктардын өз ара түшүнүшүсүнө салым кошпойт. Кайра алардын алакасын үзгүлтүккө учуратат», - деген ал кечээ олтурум үстүндө сүйлөгөн сөзүндө.

Левада сурамжылоо борбору жүргүзгөн иликтөөдө азыркы тушта Орусияда көп партиялуулукка караганда бийликтин күчтүү бир партиянын колунда болгону жакшы дегендер 74 пайызга жеткен.

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG