Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 18:52

КУРМАНБЕК БАКИЕВ ТЕГЕРЕК ҮСТӨЛДӨ СҮЙЛӨШҮҮГӨ БАРМАК БОЛДУ


Төлөйкан Исмаилова баштаган бир катар жарандык уюмдардын лидерлери бүгүн «Ак кеме» мейманканасында уюштуруп жаткан тегерек үстөл жыйынына президент бара турган болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын башчысы Досалы Эсеналиев “Азаттыкка” билдирди. Тегерек үстөлдө конституциялык реформанын мөөнөт графигин тактоо боюнча сөз жүрүүгө тийиш. «Реформа үчүн» кыймылынын штабы бул тегерек үстөлдү президент менен сүйлөшүүнүн экинчи баскычы катары эсептебей турганын белгилеп, бул иш чарага оппозициянын атынан жарандык уюм лидерлери катыша турганын билдирди.

«Биз өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал талкууланган бардык жолугушууларга жана тегерек үстөлдөргө катышууга даярбыз. Бирок, мамлекет башчы менен олуттуу сүйлөшүүнүн ордуна ар кандай тегерек үстөлгө чогула берген болбойт. Сүйлөшүүлөрдүн форматы бийлик менен такталган жана ал президент менен көзмө көз сүйлөшкөндө гана маанисине чыгат»,- деп айтылат "Реформа үчүн" кыймылынын штабы бүгүн таркаткан билдирүүдө.

Төлөйкан Исмаилова баштаган бир катар жарандык уюмдардын лидерлери бүгүн тегерек үстөл уюштуруп, ал жерге президент менен оппозицияны чакырып, аларды конституциялык реформа боюнча кеп-сөзгө келтиргени жатышкан. Ага президент Курманбек Бакиев барары белгилүү болгон, ал эми оппозициядан бейөкмөт уюмдардын лидерлери гана катышкан жатат.

XS
SM
MD
LG