Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

“АТА МЕКЕН” ПАРТИЯСЫНЫН МҮЧӨСҮ БАКЫТ КАЛПЕТОВГӨ САЯСИЙ АЙЫП ТАГЫЛУУДA"


Эки күндөн бери Улуттук Коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайында отурган «Атамекен» партиясынын мүчөсү Бакыт Калпетов өз адвокаты менен жолуга алган жок. “Атамекенчилер” жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү Бакыт Калпетовду саясий негизде камалды деп, муну мыйзамга каршы аракет катары баалашууда.

Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайында кармалып жаткан Бакыт Калпетов менен анын адвокаты Жумабек Шакиров бүгүн жолугушмак экен, бирок жолугушуу дүйшөмбүгө жылдырылыптыр. Анын УККга камалышын Шакиров мындайча сыпаттады.

-Мен УККга барып тергөөчүдөн сурасам, Башкы прокурордун көрсөтмөсү менен тергеп атабыз, деди. «Задание». Албетте башкы прокурор көзөмөлдөөчү орган болгондон кийин укуктуу. Бирок мен юрист катары ойлойм, башкы прокурор муну Улуттук коопсуздук кызматына бериши өзү эле айтып турат. Бул бир гана саясий куугунтукка алуу.

Шакиров белгилегендей, Калпетовго байланыштуу козголгон кылмыш ишти Башкы прокуратура УККга өткөрүп бериши мыйзам чегинен аша чапкандык. Ал ошондой эле Ленин райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Калпетовго карата Кылмыш Кодексинин 234 беренесинин 2-бөлүмү менен «Зөөкүрлүк кылуу аракети» делип кылмыш иши козголгонун, бирок бул кылмыш ишти мыйзам боюнча Ички иштер кызматы гана тергерин айтты.

Ал эми «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова болсо «Атамекен» партиясы Калпетовдун укугун коргоо өтүнүчү менен ага кайрылганын белгиледи. Буга байланыштуу Абдырасулова мыйзамдуулуктун жана Калпетовдун укугунун сакталышын, ага карата Улуттук коопсуздук кызматынын иш аракеттерин аталган кызматтын төрагасы Мурат Суталиновго көзмө көз жолугуп билдирген.

-Кечээ саат төрт жарымда мен бул маселе боюнча атайын кат даярдап алып Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Мурат Суталиновго барып жолуктум. Суталинов айтты: «Ишениңиздер. Чынын айтсам бул баланын УККда кармалып турганын билбейт экенмин. Башкармалыктын башчысын чакырттым. Чынында эле бизде мыйзам бузуулар болуп атат. Бул жигитти биз кайра Ички иштер министрлигинин кароосуна жөнөтүшүбүз керек», деген оюн билдирди. Мен ойлогом бүгүн аны УККдан чыгарган болуш керек, деп.

Азиза Абдырасулова ошондой эле Бакыт Калпетовго карата козголгон кылмыш ишин мамлекеттик кылмыш иши катарында карабастан, катардагы эле кылмыш иши катарында каралышы керек экендигин белгиледи.

5-ноябрда митингдин катышуучулары МТРКнын жанына барып саясий акция өткөргөндө, аталган телерадиокомпаниянын директорунун орун басары Бейшенбек Бекешовго кол көтөргөн делип Бакыт Калпетовго «зөөкүрлүк кылуунун аракеттри бар» деген айып тагылып, 22-ноябрда суракка алынганын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Шеримбек Сыдыгалиев айтты.

«Ата мекен» партиясынын Бишкек боюнча координатору Райкан Төлөгоновдун маалымдашынча, 23-ноябрда Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө сурак берип жаткан Калпетовду Улуттук коопсуздук кызматынын үч кызматкери алып кетишкен. «Анын УККда кармалышы, ага саясий айып тагуу аракети көрүлүшү мүмкүн»,- дейт Төлөгөнов.

Бакыт Калпетовду учурда тергеп жаткан Улуттук коопсуздук кызматынын тергөөчүсү Болот Шабданбеков менен байланышууга кылган аракетибизден эч бир майнап чыккан жок. Ал эми адвокат Жумабек Шакиров, бул окуянын чоо жайы дүйшөмбүдө белгилүү болот деген ишенимде.

Аманбек Жапаров,Бишкек

XS
SM
MD
LG