Бийик жолугушуу алгач Минск шаарында 17-18-октябрда өткөрүлүүгө белгиленген, бирок ага бир нече күн калганда орус жана казак президенттери Владимир Путин менен Нурсултан Назарбаев жыйынды бир ай кийинкиге калтырууну чечкен. Айрым президенттер ага нааразы болуп, эмне үчүн башкалар менен акылдашпастан эки президент бардык маселелерди өздөрү чече берет деп чыкканда, бийик жолугушуу Беларуста эмес, Казакстанда өткөрүлүшү мүмкүн деп да жарыяланган.
Путин менен Назарбаевдин чечиминен кийин саммит алдында дайым өткөрүлгөн тышкы иштер министрлеринин Минск шаарында 16-октябрда болгон жыйынына үч гана министр келген. Айрым саясат таанучулар болсо - Шериктештикти Путин менен Назарбаев өздөрү жок кылууга аракеттенүүдө деп да чыккан. 18-октябрда жарыяланган макаласында белгилүү эксперт Виталий Портников - Шериктештиктин эрежелерин катуулантын, аны күчтүү уюмга айлантууга багытталган Назарбаевдин аракеттери тескери жыйынтыкка алып келиши мүмкүн деп билдирген.
Назарбаевдин планы боюнча, уюмдун ичинде кабыл алынган чечимдер сөзсүз аткарылууга тийиш, антпеген мамлекеттер Шериктештиктен чыгып кетиш керек, дейт Портников. Чындап эле уюм тарабынан жактырылган токтомдордун жарымынан көбү аткарылбайт, бирок, эксперттин айтымында, мындай катуу талап менен Шериктештик өнүккөндүн ордуна жөн гана жок болуп кетиши мүмкүн, же анын ордуна такыр башка, мүчөлөрүнүн саны алда канча аз уюм түзүш керек.
28-ноябрда Минскиде өтө турган саммитте каралууга тийиш болгон реформалар боюнча доклад президенттерге 21-ноябрда таратылды деп айтылууда. Мурдагы жыйындардын алдында мындай аракеттер көрүлчү эмес, көрүлсө дагы ал тууралуу маалымат каражаттары аркылуу жарыяланчу эмес, ошондуктан Минскидеги бийик жолугушуу орчундуу жыйынга айланышы мүмкүн.
Анын алдында, 27-ноябрда өткөрүлгөн тышкы иштер министрлеринин жыйынынын күн тартибине беш маселе коюлду, алардын арасында аталган доклад жана миграция тармагындагы кызматташуу боюнча келишим бар. Андан тышкары президенттердин кароосуна - 16-октябрда өткөн жыйында министрлер талкуулаган дагы 14 документ коюлат.
24-ноябрда болсо ошол эле Минскиде Шериктештикке кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны өткөрүлдү, анын алдында, 23-ноябрда болсо Беларустун Брест шаарында коргоо министрлери кездешти. Жыйындарда - абадан биргелешип коргонуу системасын түзүү менен террорчулукка каршы күрөшүү маселелери каралды.
Беларус президенти Александр Лукашенко 23-ноябрда билдиргенге караганда, Минскидеги саммитке Украина президенти Виктор Ющенко келүүдөн баш тартты. Грузия президенти Михаил Саакашвилинин келээр-келбеси дагы азырынча белгисиз.
Сентябрдын аягында Грузияда төрт орусиялык тыңчы кармалгандан кийин Маскөө менен Тбилиси ортосундагы мамиле бузулган, бирок 24-ноябрда Минск жыйынына келгенде, орус премьер-министри Михаил Фрадков маселени жумшартууга аракеттенди: "Шериктештиктин мүчөлөрүнө каршы аракеттенүү үчүн биз уюмдун ичинде өз алдынча бир башка келишимдерди түзүүгө ниеттенген жокпуз. Биз бардык мүчө-мамлекеттердин мүмкүнчүлүктөрүн бириктирип, уюмдун өзүнүн дагы, анын мүчөлөрүнүн дагы өз алдынча күчтүү болушуна кызыкдарбыз". - деди Фрадков.
Нарын АЙЫП, Прага