Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:40

ПАРЛАМЕНТ ДА, ПРЕЗИДЕНТ КАЙРА ШАЙЛАНСЫНБЫ?


Кыргыз парламентинин депутаттары президенттин дагы жаңы шайлоого барышын талап кылып жатышат.Азимбек Бекназаров 24-мартта мөөнөтсүз президенттик шайлоо өткөрүү боюнча сунуш даярдады. Бекназаровдун сунушу депутаттар арасында талкууланууда. Депутат Өмүрбек Текебаев болсо парламентти президент антиконституциялык жол менен күчтөп таркатышы мүмкүн деп билдирди. Парламент өз алдынча таркашы үчүн Шайлоо Кодексине, Саясий партиялар тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Ошондой эле шайлоо участокторун кайрадан карап чыгуу керек. Ошондон кийин гана март-апрель айларында парламентке шайлоо өткөрүү туура болот. Ал эми Жогорку Кеңештин вице спикери Кубанычбек Исабековдун айтымында, парламенттин таркап кетиши туура эмес болот. Анткени, шайлоо аймактары дайындала элек, саясий партиялар жөнүндөгү мыйзам даяр эмес, Шайлоо Кодекси, соттор дайын эмес. Өкмөттүн структурасы, келерки жылдын бюджети бекий элек.

XS
SM
MD
LG