Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 11:18

12-ЯНВАРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Падышалык бийликтин 1892-жылдын 12-январында өткөрүлгөн жыйынында Памирдеги кыргыздарга экспедиция жиберүү маселеси каралган. Кыргыздын бугу уруусунун империя курамына алыныш маселесине байланыштуу, Батыш Сибирь генерал-губернатору Россия Тыш иштер министрлигинен көрсөтмө алган.

Россия менен Улуу Британия империяларынын Борбордук Азиядагы атаандаштыгы XIX кылымдын экинчи жарымына туу чокусуна жетти. Буга чейин орус стратегдери Памир аймагын калк жашагыc тоолу жер деп эсептешинен улам, башында алар Фергана өрөөнүн басып алуу менен чектелген.

Анткен менен Англиянын Афганистан жана Памир багытындагы активдүү саясаты, орус өкмөтүндө атайын жыйын өткөрүүгө түрткү берген.

Жыйынтыгында чалгындоо отряды уюшулуп, 1891-жылдын жай айында ал Памирге сапар алган. Отряд начальниги полковник Ионов памирдик кыргыздардын башына Курумчубек менен Маткасимбекти коюп, ал аймакты Россия империясынын жери катары чектеп кайра тарткан. Бирок, орус отряды кетээр менен англичандарга таянган афгандыктар кыргыздарга кысым көрсөтүп, аларды Афганистандын ички райондоруна көчүрө баштаган. Кырдаалга кабатырланган падыша Александр III көрсөтмөсүнө ылайык 1892-жылдын 12-январында өткөрүлгөн жыйында Памирге экспедиция жиберүү маселеси каралган.

Ысыккөлдүк кыргыздар келечек өнүгүүсүн Россия империясы менен түздөө максатында 1853-жылдын сентябрь айында Батыш Сибирь генерал-губернаторуна орустардан букаралык элчилик сурап жиберген. Батыш Сибирь генерал-губернатору кыргыздарга букаралык берүү али эрте экендигин билдирип, Тыш иштер министрлигине рапорт жолдогон. Анткен менен Тыш иштер министрлиги Ысыккөл өрөөнүнүн калкын Россия империясынын курамына алуу керек деп эсептеп, маселени толук чечүү жагын императорго калтырган. Император ысыккөлдүк кыргыздарга букаралык ыйгарууну жактырган соң, 1854-жылдын 12-январында Батыш Сибирь генерал-губернаторуна алардан шерт алып, империя курамына киргизүү маселеси жүктөлгөн.

Кыргыздын бугу уруусунун империя курамына алыныш маселесине байланыштуу, Батыш Сибирь генерал-губернатору 1853-жылдын 12-январында Россия Тыш иштер министрлигинен көрсөтмө алган. Тыш иштер министрлиги кыргыз өкүлдөрү менен букаралык ыйгаруунун жол-жобосу туурасында сүйлөшүү жүргүзүү боюнча көрсөтмө берген.

Жетисуу областтык дыйкан депутаттардын II съездди 1918-жылдын 12-январында ишин баштаган.

Ош уезддинин II шаардык партия конференциясы 1921-жылдын 12-январында өткөрүлдү.

1923-жылдын 12-январында VI Пишпек жана Пржевальск уезддик-шаар партиялык III конференцияларынын иши соңуна чыкты.

Бу күнү, 1913-жылы Иосиф Джугашвили биринчи жолу Сталин деп кол коюп, 1903-жылы атактуу физик, советтик атом программасынын жетекчиси Игорь Курчатов, 1907-жылы советтик космос конструктору Сергей Королёв, 1936-жылы композитор Раймонд Паулс жарык дүйнөгө келген.

XS
SM
MD
LG