Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:45

МУРАТБЕК МУКАШЕВ: “ТАНДЕМ ЭЛГЕ БӨЛҮНГӨНДҮ ҮЙРӨТТҮ”


Чолпон Орозобекова , Бишкек Жогорку Кеңештин депутаты Муратбек Мукашев Кыргызстандын жаңы өкмөтүндөгү кызматтык дайындоолор, Бакиев-Кулов тандеминин тагдыры тууралуу «Азаттык менен ой-пикир бөлүштү.

-Муратбек мырза, президент Өкмөткө кызматтык дайындоолорду баштады. Өкмөттүн жаңы курамына пикириңиз кандай болуп атат? Мына, Досбол Нур уулу келди, Данияр Үсөнов ордунда калды дегендей...

- Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин бизде президенттик-парламенттик башкаруу болуп калды, ириде президенттин колунда бийлик күчтөндү. Ноябрда жеке бийликти жоготобуз деп чыкканбыз жана ошондой Конституция кабыл алынган. Бирок бийлик башындагы адамдар аны окуп чыгып түшүнгөндөн кийин анан жасалган иштердин жыйынтыгын көрүп атасыздар. Бирок ошентсе да бул Конституцияда бир кадам алдыга жылыш бар.

Биринчиден, парламенттин саны 90 болду, жарымы партиялык тизме менен келет. Экинчиден, премьер-министрди күчтүү позицияны алган саясий партия көрсөтөт. Жаңы Башмыйзамда боюнча 2010- жылга чейин президенттин укуктары оголе чоң.

Соңку өзгөрүүлөрдүн позитивдүү жагы катары тандемдин бузулушун эсептейм. Бул эки адам тең бийликти, болгондо да мамлекет башчылыкты көздөгөн адамдар. Тандем Кыргызстанды регионалдык жактан жарып-бөлдү жана көп нерсеге тормоз болду деп айта алам. Тандем жоголду, бул жакшы көрүнүш.

Президентке деле команда керек дегендей шылтоолор бар деңизчи, бирок жаман жагы президенттин кол алдында жүргөн, сөзүн эки кылбаган адамдар келип атат. Мисалы, Билим берүү министри болуп турганда аябай сын көп айтылып атты эле, анан ал кишинин вице-премьер болуп атканы, албетте, таң калыштуу. Мен бул жерде үй-бүлөөнүн таасири деле болуп атат го деген ойду айткым келет. Реформа кыла турган жаңы муундагы, рынокту түшүнгөн жаңы кадрлар келген жок.

- Кандай деп ойлойсуз, тандем өз убагында өлкөдөгү стабилдүүлүк үчүн кандайдыр бир роль ойной алдыбы?

- Жок, баары эле ушинтип ойлошот экен, тандем болбогондо эл жаман болмок деп. Тескерисинче тандем элди экиге бөлдү. Карапайым эл түндүк-түштүк деп бөлүнбөйт. Ушул тандем элге бөлүнгөндү үйрөттү. Совет убагында райкомдун биринчи катчы орус болсо, аткаруу комитетине кыргызды койчу. Азыр болсо түндүк, анан түштүктөн дей башташты. Бул деген туура эмес саясат. Азыркы бийликке “гендердик саясат дедиңер эле, мына, аялдардан койдум, башка улуттан, тияктан же бияктан коюп атам” деген отчеттун кереги жок. Ким иштей алат, реформа жасай алат ошону караш керек.

- Феликс Куловдун мындан аркы саясий тагдыры кандай болот деп ойлойсуз?

- Кулов тууралуу пикиримди айтпай эле койойун. Мен адам кызматта турганда сын пикиримди ачык айтам, кеткен кишинин аркасынан сүйлөбөйм. Бул киши өз тагдырын өзү чечти, ушул финишке өзүнөн өзү келди. Соңку кадамдарын карап отуруп мен акыркы кездери бул кишинин саясий кыраакылыгы мокой түшкөнбү деген ой келет. Бир эле мисал, бул киши өкмөт мүчөлөрдү чогултуп айтып атпайбы. “Мен президентке сунуш кылам, биз отставкага кетебиз, президент болсо парламентти таратат” деп атат.

Бирок өкмөт кетсе, аркасынан дароо парламент да кетсе өлкөдө эмне болот, ошону көтөрө алабызбы деп ойлонду бекен!? Азыр Кулов оппозицияга да бара албайт, себеби аны эл мурдагыдай кабыл албайт. Мамлекеттик кызматка да барбайт, себеби шаар башчысынан өкмөт башчылыкка чейинки бардык тепкичке отурду. Президенттик гана жетпей калды.

Бул киши өз ресурсун түгөттү, бирок саясаттан кетпейт. Менимче бул киши кандайдыр бир күчтөр менен биригип, президенттик ат салышка салымын кошот. Өзү болбосо да бирөөнүн шайлоо кампаниясына катышып колдоп чыгат.

- Кулов кызматтан кеткенден кийин ХИПК программасына кирүү тууралуу жазган каттагы колун чакыртып алды. Бул нерсе ХИПКке кирүү жараянына кандай таасир этет, же берки адамдын колдору менен кат күчүндө калышы ыктымалбы?

- Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта коруна жазылган катты мен окудум. Кулов, Жапаров, Алапаев кол койгон. Бирок бул боюнча өкмөттүн токтому болгон эмес. Бул бир. Экинчиден, кийинчерээк финансылык институттар бизге жаңы өкмөт болмоюнча бул маселе каралбайт деп кат жиберди. Парламентке премьер-министрликке шайланыш үчүн келгенде Феликс Кулов жоопкерчиликти жеке өз мойнума алам деп атты. А президент Бакиев болсо парламентте суроолорго жооп берип атканда канча жолу сурасак да ХИПК боюнча ак да, кара да деген жок. Позициясын ачыктаган жок. Бирок ойлоп көрсөңүз, премьер-министр мамлекет башчы менен кеңешпей туруп кантип ушундай кадамга барсын. Жапаров менен Алапаев деле ушундай катка президенттин макулдугусуз кол койо алышат беле деген ой да.

Бул маселе боюнча президент менен Куловдун ортосунда катуу сөз болгон. Кулов айткан, “мен ХИПК боюнча да жоопкерчиликти моюнга алсам, ноябрдагы кырдаалда сиз тарапта болсом, анан сиз парламентти таратам деген убадаңызга турган жоксуз” деп. Ушундай катуу сөз болгон.

Кыргызстан ХИПКке кирбейт, менимче. Себеби, азыр тышкы карызды жоюу боюнча комиссиялар түзүлүп, башка жолдор изделе баштады. Экинчиден, биринчи вице-премьер министр Данияр Үсөнов буга каршы. Мына соңку сүйлөгөн сөздөрүндө бул демилеге кирүү тууралуу ойлорду катуу сынга алды. Ошондуктан ХИПКке Кыргызстан кирбейт деп ойлойм. Азыркы өкмөт Куловдун тушундагыдай катуу мурдагыдай позицияда эмес.

XS
SM
MD
LG