Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

БРИТАНИЯ ООГАНСТАНГА КОШУМЧА АСКЕР ЖИБЕРҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Улуу Британия өзүнүн Ирактагы аскерлеринин санын кыскартып жаткан мезгилде Ооганстанга кошумча аскер жибере турганын билдирди. Эксперттердин пикиринде, жакын арада талибдердин калдыктары жаңы чабуул башташы мүмкүн.

АКШнын Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борбору жакында атайын отчет даярдаган жана анда - эгер Ооганстандагы эл аралык күчтөр чечкиндүү чара көрбөсө, талибдердин жаңы чабуулдары өтө коркунучтуу болот деп айтылат. Докладды дем алыш күндөрү испаниялык "Эл Паис" гезити басып чыкты жана ал тууралуу италиялык "Корьера делла сера" дагы жазды.

Февралдын башында талибдер өлкөнүн түштүгүндөгү Муса-Кала деген шаарды басып алган жана бир топ эксперттин пикиринде, жаздын келиши менен алардын чабуулдары күчөш керек. Ооганстандын News деген гезити талибдердин өкүлү Кари Сажатка шилтеме жасап билдиргенге караганда, Ооганстан менен Пакистан чек арасындагы тоолордо "Тора-Бора" деп аталган аскерий топ түзүлдү жана алар өкмөттүк күчтөргө каршы чабуулга өтүүгө даярданууда.

Пакистандын Белужистан провинциясынын губернатору Ованс Ахмад Ганинин "Рейтер" агенттигине билдиргенине караганда, эгер чечкиндүү чаралар көрүлбөсө, талибдердин согушу жакын арада элдик согушка айланып кетиши мүмкүн, ошондуктан алар менен сүйлөшүү жүргүзүү керек.

Британия Ооганстанга кошумча аскер жибере турганы жөнүндө алгач 23-февралда айтылган, жыйырма алиысында болсо коргоо министри Дэс Браун британ парламентинде минтип билдирди: "Кошумча аскерлердин көпчүлүгү жай айларында жиберилет, алар негизинен Гелманд провинциясында жайгаштырылат, айрымдары Кандагардагы базага жөнөтүлөт, алар негизинен НАТОнун түштүк жетекчилиги карамагында аракеттенет жана өлкөнүн ар башка түштүк аймактарында пайдаланылат. Бардыгы болуп Ооганстандагы биздин аскерлердин саны алты миң үч жүздөн жети миң жети жүзгө чейин жеткирилет", - деди министр. Ирактагы британиялык аскерлердин саны болсо үстүбүздөгү жылдын ичинде бир миң алты жүзгө кыскартылууга тийиш.

Ооганстандагы америкалык аскерлердин саны дагы көбөйтүлүүдө. Президент Жорж Буш 15-февралда билдиргенге караганда, Ооганстанга кошумча 3200 аскер жиберилет. Азыр өлкөдө 27 миң америкалык аскер бар, алардын он беш миңдейи эл аралык коалицияга кирет, калгандары өз алдынча аракеттенип, "ал-Каида" уюмунун жана талибдердин жетекчилерин издөөгө салууда.

Коалицияга болсо НАТО уюмуна мүчө мамлекеттердин жана дагы 11 башка өлкөнүн аскерлери кирет, алардын жалпы саны 32 миңдин тегерегинде. Талибдер жаңы чабуул баштоого даярданып жатат деген мааламыттар пайда болгондон бери АКШ менен Британия жетекчилери Алмания, Испания, Италия жана Франция менен сүйлөшүү жүргүзүп, Ооганстанга кошумча аскер жиберүүнү сураган, бирок алар андан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG