Туткунга алынган суучулдар маселеси курчуп турган мезгилде жана эки тараптын тең өкүлдөрү маселе дипломатиялык сүйлөшүү аркылуу чечилиш керек деп билдирип жатканда Британиянын премьер-министри Тони Блэр 3-апрелде Глазго шаарынан билдирүү жасап, туткундар маселесин чечүүдө келерки 48 саат өтө маанилүү болот деп билдирген. Айрым байкоочулар бул сөздөрдү ультиматум катары баалап, АКШ Иранга каршы сокку урууга даярданып жатат, чабуул болсо 6-апрелде эртең менен башталышы мүмкүн деп жоруган.
Бирок суучулдар 4-апрелде бошотулгандан кийин Тони Блэр аны кубаттто менен кабыл алып, Иранга каршы Британиянын эч кандай жаман ою жок деп билдирди. Анын алдында туткундар бошотулаары жөнүндө жарыялаганда, Иран президенти Махмуд Ахмадинежад - британ өкмөтү Тегеранга атайын нота жиберип, анын жарандары Ирандын чек арасын мындан ары башка бузбайт деп убада кылды деп айткан.
Окуялардын мындай өнүгүшүн айрым байкоочулар - эгер Батыш мамлекеттери Иранга каршы сокку урууга чындап эле даярданган болсо, Ахмадинежад ал планды бузду жана Иран менен пайда болгон маселелер күч менен эмес, сүйлөшүү аркылуу чечилиши мүмкүн экенин бүткүл дүйнөгө атайын уюштурулган көргөзмө сыяктуу көрсөттү деп чечмелешти.
Ошол эле учурда Иран президенти өзүнүн 4-апрелдеги сөзүндө Батыштын региондогу саясаты күчкө салуу ыкмасына негизделгени жана түзүлүп жаткан абалды Бириккен Улуттар Уюму дагы оңдой албай жатканы жөнүндө айтып, мисал катары Ирактагы согушту жана Иранга каршы кабыл алынып жаткан резолюцияларды келтирди.
Сирияга сапар менен келген АКШ Конгрессинин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосини 4-апрелде Сауд Арабияга жөнөтүп жатканда өлкөнүн тышкы иштер министри Валид Муаллем Дамасктын аэропортунда журналисттерге - суучулдарды бошотуу жөнүндөгү сүйлөшүүдө Сирия чечүүчү мааниге ээ болду деп билдирди. Айрым башка кабарларга караганда, андай сүйлөшүүгө Катар мамлекети дагы катышкан.
АКШнын "Мурас" фондунун эксперти Жеймс Филипстин айтымында болсо, Ирандагы маселелерди президент эмес, өлкөнүн руханий жетекчиси аятолла Али Хаменеи чечет: "Хаменеи секир десе, Ахмадинежад секирет. Менин оюмча, канча жини келсе дагы, президент - ага өйдө жактан айтылганды аткарды", - дейт Филипс.
Анын пикиринде, АКШ, Британия жана башка Батыш мамлекеттери дипломатиялык каналдар аркылуу Тегеранга катуу белги берип, маселе тынч чечилбесе, анын арты Иран үчүн өтө жаман болоорун жеткирген сыяктуу.
Бошотулган суучулдар болсо Иран сыналгысына интервью терип, алкыш айтып, алар кармалган шарт өтө жакшы болгону жөнүндө билдирип, чек ара тартибин бузгандары үчүн кечирим сурады, бирок мекенине кайтып келгенден кийин алар дагы кандай маалымат берээри азырынча белгисиз.
Сүрөттө: Эркиндикке чыккан британ суучулдары. Тегеран, 4-апрель 2007-жыл.