Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

КУУГУНТУК УЛАНЫП ЖАТАБЫ?


Бир катар укук коргоочулар менен жарандык коомчулуктун өкүлдөрү учурда апрель митингилерине катышкан адамдарды куугунтуктоо уланып жатканын айтып чыгышты. Алардын ырасташынча, бийлик мындай жол менен демократиялык баалуулуктарга шек келтирип жатат. Ошентсе да бийлик өкүлдөрү эч кандай куугунтук болбогондугун, мындай дегендер кайсы бир деңгээлде аша чаап жаткандыгын айтышууда.

«Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронту уюштурган митинг 19-апрелде милициянын күчү менен таркатылгандан бери митингдин катышуучулары куугунтукталып жаткандыгы айтылып келет. Бир катар укук коргоочулар менен жарандык коомдун өкүлдөрү күч органдары мыйзамсыз иштерге жол берип жатышканын, суралгандарды мыйзамдуу түрдө чакыруунун жол-жобосу одоно түрдө бузулуп жатканын билдиришти. «Адилет» укуктун клиникасынын жетекчиси, апрель митингилеринин активдүү катышуучуларынын бири Чолпон Жакупова, бул тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди:

- Эгер адам суракка гана чакырылса документ менен чакырылат, жолдомо деген болот. Ошол жолдомодо сенин укуктук статусуң жазылат. Мен ошону сурасам ошону мага таптакыр бербей койбодубу. Ачык эле айтып атышат, «биз оппозиция дегенден коркпойбуз, мыйзамга да түкүрдүк, эми эмне кааласак ошонун баарын жасайбыз»,- деп.

«Интербилим» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаеванын ырасташынча, бийликтин мындай кадамдарга бара турганы 19-апрель күнү чогулган элди газ менен уулаганда эле айкын болгон. Ошондой эле ал баш аламандыктардын бардыгын бийлик баштады деген ойдо:

- Бийлик өзү баш аламандык кылып, акүйдүн жанына барбаган элди деле темир жол вокзалына чейин иттер, милициялар менен кууп, ошол милиция элди жолдон дубинка менен сабады.

Ал эми мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров, бийлик тараптан куугунтуктар болуп жаткандыгы тууралуу маалыматтарды төгүндөдү. Анын айтымында, митингдин катышуучуларын суракка алуу иш-чаралары мыйзамдуулукту орнотуу үчүн болуп жатат, ошол себептүү аны куугунтук катары кабыл албоо керек:

- Биринчиден саясий куугунтук деп айткандын өзү туура эмес. Биз мыйзам менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Анан коом азыр ушундай, кылмыштуулук менен күрөшүп баштасаң куугунтук катары бааланат. Аларга такыр көңүл бурбай койсоң бийликтин чабалдыгы катары бааланат.

«Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фондунун жетекчиси Рая Кадырованын ырасташынча, учурда бейөкмөт уюмдары арасында да бирдиктүү ой-пикир калбай баратат. Ошол себептүү кайсы бири куугунтук болуп жатат дешсе, башкалары анчалык болбогондугун айтышууда. Рая Кадырованын айтымында мындай пикир келишпестиктер жалпы мамлекетти кучагына алды:

- Бизде Кыргызстанда жарандык коомчулук аябай күчтүү деп мактанып атабыз. Бирок, ушул саясий кризис учурунда өзүбүздү анализдеп көрүп аябай эле уялдык. Анткени ушул саясий кризис учурунда биз, бейөкмөт уюмдары жакшы чыга албадык. Бирдиктүү иш алып баруу дегенди биз жакшы жасай албай атабыз. Жарымыбыз кайсы бир демилге менен чыксак, экинчи жарымыбыз кайра эле бизге каршы чыгат.

Адилет министри Марат Кайыпов, айрым жарандык коомчулуктун өкүлдөрүнүн «күч органдары кайсы бир адамдарды мыйзамсыз чакырып атат» деп айткандарын сынга алды. Министрдин айтымында мунун бардыгы мыйзамдуулукту орнотуу үчүн аткарылып жатат:

- Буларды чакырганга акысы жок, чыкырып сураганы мыйзамсыз дегени менимче эч кандай суу кечпейт. Бардыгы адилеттүүлүккө жетиш үчүн, ошол окуянын болгонуна тиешеси барбы же жокпу, ошону аныкташ үчүн чакырып атса керек деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG