- Умурзак мырза, Казакстандын бийлиги Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине кандай долбоорлор, сунуштар менен келет?
- Энди бардыгыңыздарга белгилүү 16-августа Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин эл башчыларынын саммити болгон жатат. Арийне ага Кыргызстан колунан келгенче даярданууда. Жалпы Шанхай кызматташтык уюму тууралу айта турган болсок, бул дүйнө жүзүндө таасирдүү уюм болуп калыптанды.Ал эми Казакстан ШКУга жыйырмадай экономикалык долбоорлорду сунуштаганы турат. Алардын ичинде жол, суу-энергетика жана башка чоң-чоң долбоорлор бар. Алардын алгачкылары ишке ашырылып жатат деп айтсак да болот. Мисалы, Алмата облусундагы Мойнок ГЭСинин салынышы ушул ШКУнун экономикалык ынтымакташтыгына байланыштуу. Ошондуктан алдыда болуучу ШКУнун саммитине кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Буюрса үлкөн документтер каралып, пайдалуу келишимдерге кол коюлат деп ойлойм.
- Шанхай кызматташтык уюмунун мурдагы саммиттери менен Бишкекте өтүүчү саммиттин айырмачылыгы болобу?
- Арийне, ШКУга мүчө мамлекеттердин эл башчыларынын саммити жылына ар кайсы өлкөлөрдө өткөрүлөт. Мисалы, уюмдун алгачкы жыйыны коңшу мамлекеттердин чегара коопсуздугун гана көздөсө, кийинкилери саясий-экономикалык, соода-сатык, бажы төлөмдөрү жана башка маанилүү маселелерди чечүнүн үстүндө. Мындай маанайдагы мааракелик саммит Шанхайда өттү. Ошондой эле Москвада өттү. Кезек-кезек менен уюмга мүчө мамлекеттерде өтүп турат. Эмки кезек быйыл Кыргызстанга келди. Кыргыз бийлик башындагылардын айтымында, даярдык жаман эмес сыяктуу. Баш калаа да жаңырып үлкөн имараттар да курулууда.Жалпысынан мамлекеттин өзү жакшы дайынданып жатат деп ойлойм. Бул иш чара экономиканын чукул секирик жасап өсүшүнө өбөлгө болот. ШКУнун келерки саммити кайда өтөөрү ушул жыйында аныкталат.
- Камбар ата ГЭСтери боюнча казакстан тарап учурда кандай иштерди жүргүзүүдө?
- Камбарата ГЭСтерине келсек, Казакстан тарап суу-энергетика тармагындагы ынтымактыкты ар убакта колдойт. Анткени бул маселе Орто Азияда эң көйгөйлүү маселелердин бири болуп эсептелет. Ал эми Камбарата ГЭСтерин куруу бул Кыргызстандын ички саясий маселеси. Өзүңүздөргө белгилүү жакында эле бул маселелер боюнча кыргыз парламенти мыйзам чыгарды. Буга чейин Токтогул ГЭСтерин менчиктештирүүгө же концецияга берүүгө тыйуу салынган. Жаңы гана ошол мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, Камбарата ГЭСтери тууралуу өзүнчө бөлүп чыкпадыбы. Эми тендер алдындагы тендер (предтео) өткөрүү керек. Ал тендерди 24-июлга өткөрүү белгиленди эле, негедир кийинкиге жылдырылып калды. Бул тендер кимге тиет ал чечиле элек. Ал тендерге Россия менен Казакстан жана башка мамлекеттер кызыкдар. Ал эми курулуш салуу али алдыда. Биринчи маанилүү нерсе ТЕО жүргүзүү. Бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр болуп атыр дагы, ал эми иш жүзүндө иштелип аткан, чечилип аткан маселелер али аз.
- Ысыккөлдүн жээгиндеги пансионаттар боюнча келишим Жогорку Кеңеште ратификациялана элек. Бул маселе кандай чечилет деп ойлойсуз?
- Бул маселеде Казакстандын Ысыккөлдө төрт пансионаты бар. Алар мурдагы совет доорунда казактын ар түрлүү ишкана, мекемелеринин күчү менен салынган.Ушу күнгө чейин пайдаланып келүүдө. Маселе ушул пансионаттарды юридикалык жактан менчиктөө. Бул боюнча 2006-жылы өкмөттөр аралык эки тараптуу келишимге кол коюлган. Анда пансионатарды менчиктөөгө юридикалык жактан жол берүү Кыргызстан тараптан кол коюлган. Ошол келишимдер беш айдын ичинде ратификациядан өткөрүшү керек эле. Бирок алигиче ратификациядан өткөрүлө элек. Мен ойлойм бул кыргыз парламентинин ичиндегилердин пикирлери ар-түрдүү болуп жатканынанан.Эми парламент каникулга барып келгенден кийин жакында бул маселе оңдуу чечилет, деп ойлойм.
- Жакында мен Ысыккөлгө барып келдим. Ал жердеги жергиликтүү тургундардын арасында көлдүн жээгиндеги жер участокторун казак ишкерлери сатып алышууда деп нааразы болгондор да бар экен. Ич күптүлүк барыпңкелип кийин жергиликтүү калк менен казак ишкерлеринин ортосундагы араздашууга алып барбайбы?
- Дүйнң жүзүндө тажрыйба бар. Мисалы тикелей инвестиция деген. Аны кай жерге, ким алып келсе да кайсы мамлкеектке болбосун ал жакшылык алып келет. Аны жакшылап түшүнүү керек. Айталык, учурда Ысыккөлдү канчалык мактаганыбыз менен беш жылдыздуу бир дагы мейманкана, көздү кубантаар бир дагы имарат жок. Эгерде инвестордорго кыргыз тараптан оңдуу жагдай түзүлсө, чет элдик инвесторлор агылып келет. Мисалы Түркиянын деңиз жээгиндеги мейманканаларды алыңызчы, ар кайсы мамлекеттердин кааржаттарына курулуп, Түркияга канчалаган кирешелерди алып келип атат. Эмне үчүн Ысыккөлгө заманбап мейманкана, эс алуу жайларын куруп туристтердин санын арттырууга болбойт. Бул жерден жеке эле кыргыз өкмөтүнүн капчыгы толбой, жергликтүү элдин да капчыгы толот.
- Кыргыз-казак чегарасы толук чечилди десек болобу? Айрым депутаттар көтөргөн Каркыра жайлоосундагы талаш жерлер эмне болмокчу?
- Казак-казак чекарасынын делимитациясы үч-төрт жыл мурда өтүп кеткен. Казакстан тараптан ратификация да болгон. Делимитацияга өткөн кезде биздин арабызда эч кандай жер талаш болгон эмес. Баягы мурдагы Казак совет республикасы менен Кыргыз совет республикасынын ортосундагы чекара менен кеткен. Кыргыз парламентинин айрым депутаттары Каркыра жайлоосу боюнча маселе көтөрүп чыгышкан. Алар өздөрү жеринде барып көргөндөн кийин ынанып калышты. Бүгүнкү күндө эч кандай жер талаш жок. Бирок жеке пикирлер бар. Бардык маселе документ менен чечилет эмеспи.
- Айрым саясатчылар, байкоочулар Кыргызстанга Казакстан экономикалык экспанция кылууну ниеттенүүдө деген пикирлерин айтышууда. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?
- Мындай пикир жалпы экономиканы түшүнбөгөн адамдын пикири. Мына бүгүнкү күндө Кыргызстанга 300 млн. доллар инвестиция берилгени анчейин деле көп эмес. Мына кичинекей мамлкеект Грузияга 1 млрд. доллар инвестиция берилди. Колтугубузда турган Кыргызстанга 300 млн. доллар деген арзыбаган каражат. Эгерд 100 млрд. доллар берилсе анда бул башка кеп. Биздин мамлекет башчы Нурсултан Назарбаевдин саясатында кошуна мамлекеттерде экономикалык өнүгүү болбосо, саясий турксуздук болбосо, анда өзбүздүн мамлекеттибизде экономикалык өнүгүү, тынчтык болбойт деген принциптери бар. Ошондуктан жалпы Орто Азия мамлекеттерине көмөк көрсөтүүнү биздин президент көздөп жатат.
- Ырахмат маегиңизге.