Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

ИЗРАИЛ ГАЗАГА ЭҢ ЗАРЫЛ ТОВАРЛАРДЫ ГАНА ӨТКӨЗӨТ


Газа тилкесин мындан үч ай мурда "Фатх" уюму менен согушта "Хамас" уюму өз көзөмөлүнө алгандан бери, ал тараптан көп кабар келбей калды. Бирок изоляциядагы аймактагы согушкерлер Израилди ракетадан аткылоону улантып келишти. 19-сентябрда Израил чыдамы бүткөндүгүн айтып, Газаны "душманчыл аймак" деп жарыялады. Бул Газа үчүн эмнени билдирет?

Израилдин тышкы иштер министри Тзипи Ливнинин түшүндүрмөсүнө ылайык, Газанын "душманчыл аймак" деп жарыяланышы Израилден Газага баруучу товарлардын дээрлик бардыгы кескин чектелет дегенди билдирет. Бул тизмеде газалык палестиндерге абадай керек болгон күйүүчү май жана электр кубаты да бар. Бирок Иерусалимде АКШнын мамкатчысы Кондолиза Райс менен чогуу кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, Ливни бул чечимдин эң зарыл гуманитардык товарларга тиешеси жок деди:

- Биз юристтер менен акылдашып, эл аралык мыйзамга каршы келбегидей чечим кабыл алдык. Мен мурда да айткам, бул чечим Газа тилкесинин калкынын гуманитардык зарылчылыктарына залал келтирбейт.

Газа электр кубатын жана күйүүчү майды дээрлик толугу менен Израилден алат. Израил буларды аз берип, же такыр бербей койсо, мындай кадам басылып алынган аймактарды тескеген эл аралык мыйзамга кайчы келмек. Бирок Израилдин өкмөтү Газа Тилкесин басылып алынган жер эмес, "душманчыл аймак" деп жарыялагандыктан, ал мыйзам бузулбайт деп ырастоодо.

Айрым палестиндер Израилдин чечимин "согуш жарыялоо" деп баалашты. Алар Газа тилкеси абадан, деңизден жана жерден, бүт толугу менен Израил тарабынан көзөмөлдөнгөндүктөн, ал басылып алынган аймак деп эсептешет.

Бириккен Улуттар уюму кайсы тараптыкын туура деп санай тургандыгы азырынча маалым эмес.

АКШнын мамкатчысы Райс Израилдин чечими АКШ өкмөтүнүн саясаты менен айкашат деп айтты. Бир эле мезгилде ал Израилди ракета менен аткылоого тийешеси болбогон газалык палестиндердин жапа тартышына Кошмо Штаттары жол бербейт деп убада кылды:

- Биз Газадагы күнөөсүз палестиндерге далыбызды салбайбыз, тескерисинче биз алардын гуманитардык талаптарын камсыздоого болгон аракетибизди жасайбыз.

Райс Израилге өкмөт жетекчилери менен токтоп калган тынчтык жараянын талкуулоо үчүн келди.

Газа "Хамаздын" колуна өткөндөн бери, Израил менен Кошмо Штаттары бир гана Батыш жээкти көзөмөлдөгөн "Фатх" уюму менен алакада болуп калды. Ал алаканын чегинде Израилдин өкмөт башчысы Эхуд Олмерт палестин президенти Махмуд Абас менен анда-мында жолугушуп турат. Аббастын бийлиги Батыш жээк менен гана чектелип калганына карабастан, Райс ал тынчтык жараянын ордунан жылдырууга көмөктөш боло алат деген пикирин билдирди.


Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG