Президент Курманбек Бакиев 19-сентябрда жалпы элге кайрылуусунда, жоопкерчиликти алган, демократиялык коомду өнүктүрө турган жаңы саясий партия түзүп, аны колдоорун жарыялаган.
Конституциялык саясат институтунун директору Нурлан Сыдыков болсо президент Бакиев Баш мыйзамга ылайык саясий партия түзүүгө укугу жок деген пикирде.
-Баш мыйзамда «43-берененин 5-пунктунда Кыргыз Республикасынын президенти өз ыйгарым укуктарын аткарып жаткан учурда саясий партиялардагы жана уюмдардагы ишин кийинки президенттик шайлоо башталганга чейин токтото турууга тийиш»,- деп жазылып турат. Ошондуктан менин оюмча азыркы учурда президент жаңы саясий партия түзүүгө укугу жок.
Ал эми жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин төрагасы Искак Масалиев президенттин партия түзгөнүнө Конституцияда тыюу жок, дейт.
-Баш мыйзамдын ал беренесинде менимче башкача. Анда, «президент кызматына шайланган жаран саясий партияга мүчөлүгүн токтотот»,-деп жазылып турат. Албетте, президент логика боюнча партияны түзүп башкарса, анын күчү таптакыр башкача болот, эки карыш төмөн болуп калат. Бирок Конституцияда президент партия түзгөнүнө тыюу жок. Балким президент ошого негиздеп партия түзүп атат болуш керек. Менин жеке оюмча президент саясий партиядан четте турганы жакшы болот эле. А бирок партияны түптөгөнгө укугу жок дегенге мен кошула албайм.
«Ак шумкар» партиясынын тең төрагасы Темир Сариев референдумга коюлуп жаткан Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын 45-беренесинин 3-пунктунда да «президенттик кызматка шайланган адам саясий партияларда жана уюмдарда өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотот», деп жазылганын айтты.
-Президент кайрылуусунда «мен жаңы саясий партия түзөм»-дегни өзү сунуштап жаткан Конституциянын долбооруна төп келбейт дагы, бүгүнкү мыйзамдарды дагы бузат.Президент эң биринчи бул кыргыз элинин журт башчысы. Ал эми бизде жүздөн ашуун саясий партиялар бар. Эгерде президент бир партияны тандап алса, анда ал бир партияны колдогон партиянын президенти болуп кала берет. Эгерде ал элди бириктирген адам болуп турам десе, анын калыс болуп турганы жакшы. Мыйзамдын талабы дагы ушундай, -деди Темир Сариев.