Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

ЧҮЙДӨ ДОБУШ БЕРҮҮ МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР МЕНЕН КОШТОЛДУ


Жазгул Жамангулова Референдум Чүй аймагында бир катар мыйзам бузуулар менен коштолду. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы тараткан маалыматка караганда, алты жүз добуш берүү бюллетенин тобу менен үкөккө таштаган №72 шайлоо учасканын төрайымы өзүнүн кылыгын - бул Токмок шаар башчысынын буйругу деп белгилеген. Бирок муну шаар бийлиги толугу менен четке кагууда. Мындай мыйзам бузуулар башка шайлоо учаскаларда да катталган.

Чүй аймагынан мыйзам бузуу фактысы алгач Токмоктогу №72 добуш берүү учаскасынан катталганы туурасында «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы маалымат таратты. Аталган учасканын төрайымы О. Карымшакова 600 добуш берүү бюллетенин толтуруп, байкоочуларга жана добуш берүүчүлөргө жарыя кылган соң, үкөккө таштаган. Өзүнүн одоно мыйзам бузууга барганына түшүнбөгөн төрайым, бул Токмок шаар башкармалыгынын түздөн- түз буйругу экенин белгилеген.

Жогорудагыдай аракеттер Ысыката районунун №90 Ивановка шайлоо участогунда да жасалган. “Интербилим” коомдук уюмунун байкоочусунун маалыматы боюнча участкалык комиссиянын төрагасы Жеңиш Абыканов менен комиссиянын мүчөсү Эмил Рысалиев, айыл өкмөттүн эки кызматкери 100 бюллетенди толтуруп, үкөккө ташташкан. Алар дагы мындай көрсөтмө аларга жогору жактан берилгенин айтышып, бирок окуяларга байланыштуу түзүлгөн актыга кол коюудан баш тартышкан. Ошондой айрым байкоочулар административдик колдоолор ачыктан- ачык болгонун төмөндөгүдөй түшүндүрдү. Алардын бири «Таза табият» коомдук уюмунан Анара Дауталиева:

- Административдик ресурстар абдан колдонулду. Маселен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү бардык шайлоо учаскасына барып, шайлоочуларды кичи автобустар менен ташып келип жатышты. Мен айрымдарын сүрөткө тартып алдым.

Андан сырткары кечээги өткөн референдумга карата биз айрым шайлоочулардын да оюн сураган элек.

Акылбек Моңолдоров:-Шайлоо абдан жакшы өттү.

Шейшен уулу Мырзабек: -Элдин катышуусу жакшы деп айта албайм. Эл эмнени түшүнөт, бийлик билгенин кыла берет да.

Биз менен маектешкен көпчүлүк шайлоочулар, референдум туурасында жеткиликтүү деңгээлде түшүндүрүү иштери болбогонун, жадесе кайсыны белгилээрин да билбегенин айтышты. Айрым шайлоо учаскаларында жергиликтүү жана эл аралык байкоочулар болгону менен айрым учаскаларда эч кандай байкоочулар катталбаганына күбө болдук.

XS
SM
MD
LG