Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:34

АЗАТТЫКТЫН ТАЛКУУСУ: ГРУЗИЯ ТУУРА ЖОЛДО БАРАТАБЫ?


Жакында бийликтер оппозициячыл демонстрацияны күч менен таркатып, көз карандысыз маалымат каражаттарына тыюу салган Грузияда демократиянын келечеги кантти? Орусия Грузияда төңкөрүш уюштурууга аракеттенди деген ырастоо канчалык негиздүү? Мына ушул өңдөнгөн курч маселелер Азаттыктын Прагадагы тегерек стөл маегинде кызуу талкууну жаратты. Америкалык изилдөөчү Владимир Сокор менен “Вашингтон Пост” гезитинин кабарчысы жана редакция кеңешинин мүчөсү Эн Эплбаум катышкан талкуунун мазмуну менен Жаңыл Жусубжан тааныштырат.

- Соңку окуялардан кийин Грузиянын Европалык, демократиялык келечегине балта чабылган жокпу?

Талкуунун чү дегендеги эле ушундайча кабыргасынан коюлган суроого Эн Эплбаум ишенимдүүлүк менен "жок" деп жооп берди:

– Грузиянын европалык жана демократиялык келечеги сөзсүз бар,- деп айтты Вашингтон Посттун баяндамачысы. Эплбаумдун пикиринде, соңку окуяларга байланыштуу Грузияга болгон кызыгуу жана Батыш борборлорундагы терең тынчсыздануу Грузия Батыштын, Европанын ажырагыс бөлүгү болуп калышына болгон үмүт канчалык күчтүү экендигин далилдеди.

Ушул эле суроого жооп берип жатып, аналитик Владимир Сокор "Грузияда телчиге элек оппозициялык топтордон, Бадри Патаркашвили деген олигарх, коопсуздукка жана стабилдүүлүккө келтирген коркунучтан демократия өзүн ийлигиктүү коргоду жана коргоп жатат" деп ырастады. Сокордун ишениминде, Грузияда демократиялык оппозиция жок, жана оппозициядагылардын көбү демократтар эмес.

Бул ырастоо "Вашингтон Посттун" баяндамачысын ынандыра алган жок. Эн Эплбаум бийлик өзүн зордукчул сүрмө топтон коргоого укуктуу экендигин моюнга алуу менен бирге, маалымат каражаттарына чабуул жасоо демократиялык чараларга жатпай тургандыгын баса белгиледи:

– Президент Саакашвилинин айрым кадамдары, анын ичинде телестанциянын жабдыктарын талкалоо жана өзүн колдобогон бардык телеканалдарды эфирден алып салуу мамлекетти коргоонун жолу эмес. Тескерисинче бир телеканал үстөмдүк кылып баратса, мындай каналдарды, жаңылык булактарын көбөйтүү керек.

"Грузин өкмөтүнүн "Орусия төңкөрүш даярдап жаткан" деп ырасташы канчалык негиздүү?" деген суроого, Владимир Сокор, буга далил жок экендигин белгилеп, бирок "оппозициянын бир нече өкүлү Орусиянын чалгын кызматтары менен алакада болгон" деп ырастады. Ал ошондой эле Бадри Патаркашвили өз алдынча аракеттенгени же аны бирөөлөр тымызын коркутуп же козутканы белгилүү эмес экендигине, бирок муну билгендер дурус болмок экендигине токтолду.

Буга жооп иретинде Эн Эплбаум буларга кайрылды:

- Орусиянын кийлигишүүсү болгонунда шек жок. Бирок Саакашвилини Батыштын гана эмес, өз өлкөсүндө да зор колдоого татыктуу кыла турган кадамдар да бар. Демонстрацияга чыккан миңдеген адамдар бардыгы Орусия акы төлөгөн тыңчылар эмес. Аларды тегиз тыңчылар деп каралаган менен, буга ишенүүгө болбойт. Саакашили адам ишене тургандай иш алып барышы керек, ошондо ал сырттан колдоо ала алат, ошондо анын өлкөсү жетишкен зор ийгиликтерге жылуу мамилеге жетише алат.

Бул узак талкуунун соңунда Владимир Сокор Грузия азыр ички туруктуулукту бекемдөөгө муктаждыгын, мындай туруктуулук демократиялык өнүгүүнүн түп-негиздерин бекемдөө үчүн зарыл экендигин айтып өттү.

XS
SM
MD
LG