Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

АКШ ЭЛЧИСИ: БХУТТОНУН ӨЛҮМҮ ЭКСТРЕМИЗМГЕ КАРШЫ КҮРӨШТҮ КҮЧӨТӨТ


Пакистанда оппозициянын таанымал лидери Беназир Бхуттонун жанкечти жасаган жардыруудан мерт болушу өлкөдө экстремизмге каршы күрөштү жандантат деген үмүт бар. "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна берген интервьюсунда АКШнын Улуттар уюмундагы элчиси Залмай Халилзад мына ушундай көз карашын билдирди. Залмай Халилзад Улуттар уюмуна чейин АКШнын Ооганстан менен Ирактагы элчиси болгон. Дари тилинде эркин сүйлөйт. Анын пикиринде, Бухуттонун өлтүрүлүшү Ооганстандын байистүү күчтөрү үчүн чоң сокку жана исламчыл экстремисттер менен козголоңчуларга каршы күрөшүүнүн олуттуулугун көргөзүүдө.

- Маркум Беназир Бхутто Пакистанга стабилдүүлүк алып келүүгө жөндөмдүү саясатчы катары каралчы эле. Анын сүргүндөн мекениндеги саясий турмушка кайтып келүүсүнө АКШ колдоо көргөзгөнү айтылып жүрөт. Вашингтон Пакистанда исламчыл экстремизмге каршы күрөштү да колдойт. Андыктан, Бхуттонун өлүмү исламчыл экстремисттерге каршы өнөктүк үчүн сокку эмеспи?

- Бул - биринчиден Пакистан, экинчиден чөлкөм, үчүнчүдөн жалпы дүйнө үчүн чоң сокку. Анткени, Пакистандын жана чөлкөмдүн террорчулук менен экстремизмден эркин болушу жалпы дүйнө үчүн пайдалуу. Тилекке каршы, террорчулук менен экстремизм аймакта али күчтүү жана Беназир Бухутто кабылган коркунуч башка адамдар үчүн азыр да сакталуу. Бирок, менимче, экстремисттер акырында жеңилет. Ушул эле нерсе мен өзүм көрүп кайткан Иракта да болду. Адамдар акыр аягында экстремисттерден чарчап, аларга каршы көтөрүлүштү. Башында Ирактагы сунни мусулмандар террорчулар жана экстремисттер менен кандайдыр бир деңгээлде кызматташкан. Бирок, соңунда бул күчтөр аялдар менен балдардын өмүрүн кыйып жатканынын, кыянатчылык менен мыкаачылыкка тартылганын аңдап билишти.

Менимче, ушул эле нерсе Пакистан менен Ооганстанда да болот. Террорчулар менен экстремисттер азыр таяныч кылып алган аймактарда, эл акыр-аягынада аларга каршы чыгат. Себеби, эл террорчуларда аймактын саясий, экономикалык жана башка көйгөлөрүн чечкидей кандайдыр бир программа жок экенин түшүнөт. Алар болгону адам өлтүрүүгө тартылган, чөлкөмдү жана элди өнүгүүдөн кетенчиктетип турат.

Мен Бхутто айымдын шейит кетиши, тилекке каршы бул анын үй-бүлөсү үчүн орду толгус жоготуу болду, натыйжада демократия менен байистуу күчтөрдүн зоболу көтөрүлүүсүнө алып барат деп үмүттөнөм. Азыр аймактын байистүү күчтөрү террорчулук менен экстремизмге каршы бириге турган учур жана дүйнө аларга колдоо көргөзүшү керек.

- Беназир Бхутто өлөрүнүн жуп алдында, 27-декабрь күнү ооган президенти Хамид Карзай менен жолуккан эле. Жолугушууда тараптар, кабарларга караганда, Ооганстандагы тынчтык жараянын, эки өлкөнүн кызматташтыгына байланышкан маселерди талкуулаган. Эми Бхутто жок. Аймакка жана өлкөгө тынчтык алып келүү үчүн Ооганстан менен кызматташкыдай Пакистанда башка бирөө барбы?

- Биринчиден, биз коопсуздук жагынан эми эмне болорун көрүшүбүз керек. БУУнун Коопсуздук кеңеши да ушул маселе боюнча билдирүү кабыл алды. Ал Пакистан баш - алмандыкты жана туруксуздукту көздөй кетпейт деп үмүттөнөт. Бул - азыркы учурдун эң приоритеттүү маселеси.

Экинчиден, шайлоо жөнүндө саясий чечим кабыл алуу - Пакистандын иши. Азыркы кырдаалга Пакистандын байистүү күчтөрү кандай мамилесин билдирери да маанилүү. Демек, бул жерде талкууланып , чечилүүчү маселелер көп.

- Кошумчалай кетчи маалымат - Пакистандагы парламенттик шайлоо 8-январга белгиленген эле. Беназир Бхуттонун сөөгү жерге берилген күнү өлкөнүн премьер – министри Мохаммедмиан Соомро өкмөттө шайлоону токтотото туруу жөнүндө чечим азырынча жок экенин билдирген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG