Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

Б. БЕШИМОВ: ДЕМОКРАТИЯЛЫК ШАЙЛООНУ АКШда КӨРСӨ БОЛОТ


Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек АКШнын 24 штатында президенттикке талапкерлерди тандашууда. Күзүндө АКШда бийлик өзгөрсө, жалпы Борбор Азияга таасири кандай болот? Бул багытта “Азаттык” үналгысынын суроолоруна СДПнын Жогорку Кеңештеги депутаты Бакыт Бешимов жооп берди.

-Бакыт мырза, ушул тапта АКШда өтүп жаткан “праймериз” боюнча өз пикириңизди айтып берсеңиз.

-Жалпысынан, биздин элибиз, айрыкча саясатчылар ошол Америкада өтүп жаткан шайлоо компаниясын көрсө жакшы болот эле. Бул жерде үлгү ала турган көп нерсе бар. Өзүңүз карасыңыз, республикачыл болобу, демократтар болобу, алардын талапкерлери ошол штабтарда күрөшүп жатпайбы. Көп нерсе ачык-айкын өтүп жатат. Жалпы шайлоочуларда толук мүмкүнчүлүк бар - дебаттарда катышкандарын көрүп, кимиси эмнеге жарай тургандыгы так билинип жатат. Башка мамлекеттерди көрүп турасыз: өз мураскерин колунан жетелеп, такка отургузуп коет. Демократиялык шайлоо дегенди мына ушул Америкада көрсө болот.

-Ноябрда АКШда бийлик өзгөрсө, Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга таасири кандай болот?

-Албетте таасири чоң болот. Эгерде жалпы өткөн 20 же 30 жылдык аралыкты анализдеп көрсө, кээ бир жыйынтыктарды чыгарса болот. Биринчиден, демократтар бийликке келгенде алардын Борбордук Азияга карата өзгөчө саясаты билинип турат. Алар демократияны колдогонго, республикачыларга караганда активдүү киришет. Экинчиден, гуманитардык жардам берүүдө, андан сырткары жалпысынан геосаясий стратегиясы дагы республикачыларга караганда башкача. Мына республикачыл администрация, Буштун администрациясы келгенде эмне байкалды? Биринчиден, демократияны, эркиндикти колдойбуз деп туруп, бирок ошондо дагы өтө прагматикалык саясатка өтүп кетти. Негизги алардын иши эмне болду? АКШга мунай, газ жана жер байлыктарга жол ачылса эле болду, ошол биринчи орунга чыгып кетти. Жалпы Американын улуттук коопсуздугуна бардык нерсени байлап, ошого карата саясат жүргүздү. Демократиялык администрация өз ишин башкача жүргүзөт. Мына мисалы Кыргызстанда демократиялык администрация учурунда бир топ университеттин ачылышына, бир топ Кыргызстандын келечегине керектүү нерселерге активдүү киришкен.

-Бакыт мырза, ушул демократтар партиясынын Кыргызстанга активдүү катышканы Хиллари Клинтондун Кыргызстанга келип кетишине байланыштуу болду беле?

Албетте. Ал биринчи айым катары келип туруп, анан ошондо Америка университетинин ачылышына, мындан сырткары бир топ гуманитардык долбоорлордун башталышына жол ачып берип кеткен.

-Маегиңиз үчүн рахмат.

XS
SM
MD
LG