Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

NATO: САММИТ ЧОРДОНУНДА ОРУСИЯ ЖАНА УКРАИНА


Румыниянын ордо шаарында өз ишин аяктап жаткан НАТО --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/04/E62F34EA-8F3A-4230-A504-7E326F7588BF.asp саммитинин бүгүнкү (жума күнкү) башкы иш-чараларынын бири НАТОнун Орусия жана Украина менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болду. Украина болочокто бул аскердик ынтымакка кириши мүмкүн экендиги тууралуу ишаарага ырааазы экенин билдирди. Ал эми президент Владимир Путин менен НАТО жетекчилигинин сүйлөшүүлөрү дурус маанайда өткөн менен, анда эч кандай деле жаңы бурулуш болбогону кабарланды.

Бухарестте өз ишин аяктап жаткан НАТО саммитинин бүгүнкү бүйүр кызыткан окуясы – НАТО-Орусия Кеңешинин жыйыны эле. Ага Владимир Путин мырза Орусиянын президенти катары акыркы ирет катышты.

НАТОнун Башкы катчысы Йаап де Хооп Схеффердин (Jaap de Hoop Scheffer) айтымында, Путин мырза менен НАТО жетекчилигинин сүйлөшүүлөрү жылуу маанайда өттү, бирок эки тарап буга чейин кайчы пикирде болуп келген маселелдерди чечүүдө эч кандай деле жылыш болгон жок.

Жума күнкү бул жолугушууну ачып жатып, Йаап де Хооп Схеффер мырза Орусия менен НАТОнун талаш-тартышын жараткан маселелерден тышкары, тараптар орток пикирде болгон кызыкчылыктар да бар экенин баса белгиледи:

- Биздин өз ара мамилелерибиз азыркы тапта чынында да көп тарамдуу. Бул мамилелерибизге учурдагы саясий реалдуу турмуш, биздин айырмалуу көз караштарыбыз сакталган ар кыл маселелер, ошондой эле өтө прагматикалык мүнөздөгү жалпы кызыкчылыктарыбыз да таасир тийгизип келет.

Орусиянын мамлекет башчысы да НАТО жетекчилиги менен жума күнкү сүйлөшүү оң маанайда өткөнүн белгилеп, бирок НАТОнун чыгыш тарапка кеңейүү аракети Орусиянын коопсуздугу үчүн түздөн-түз коркунуч келтирген жагдай экенин дагы бир ирет кайталады:

- Биз бул жараян Орусияга каршы эч багытталбайт деген билдирүүлөргө канааттана албайбыз.



Бейшемби күнү НАТО жетекчилиги Кошмо Штаттардын баллистикалык ракеталардан коргонуу системасынын бир бөлүгүн Европада жайгаштыруу долбооруна колдоосун көрсөткөн. Ал эми Орусия дал ушул долбоорго да караманча-каршы болуп келет.

Жекшембиде (6-апрелде) орус президенти Владимир Путин АКШ президенти Жорж Буш менен Сочи шаарында сүйлөшүү жүргүзөөрү күтүлүүдө. Быйыл кызматтарынан кетип жаткан эки президенттин бул жолугуушусу да досторчо кучак жайуу менен коштолоору жоромол кылынууда. Бирок алардын калайык көзүнө экөө тең айгинелөөгө аракеттенген жекече достугу, серепчилердин айтымында, эл аралык бир катар маселелерде эки мамлекеттин бири-бирине кайчы мамилесин өзгөртө алган эмес.

НАТОнун Бухарест саммитинин күн тартибиндеги дагы бир олуттуу кызыгуу жараткан маселелердин бири – пост-советтик Грузия менен Украинанын НАТОго кирүү ниетине байланыштуу болду.

Бейшембиде НАТО жетекчилиги Украина менен Грузияны азырынча НАТОго мүчөлүккө кабыл алуу үчүн эртелик кылаарын билдирди. Бирок, ошону менен катар, бул аскердик ынтымак үчүн аларга эшик ачык бойдон кала берээри да расмий тастыкталды. Үстүбүздөгү жылдын соңунда НАТО Кеңеши бул маселеге кайрадан кайрылмакчы.

Жума күнкү НАТО-Украина комиссиясынын жыйынына катышкан президент Виктор Ющенко (Viktor Yushchenko) НАТОго мүчөлүк жаатында өлкөнүн бийлигинин үмүтү чоң экенин мындайча белгиледи:

- Биз 2008-жылдын декабрында НАТОнун тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги Кеңешинин жыйынын өткөрүү, анда өлкөбүздүн НАТОго мүчөлүккө кабыл алынышы үчүн иш-аракет планына чакырылышы багытында Украинанын кандайча илгери жылыш жасаганына баа берүү тууралуу чечимди жактыруу менен кабыл алабыз. Дал ошол жыйында Украинага НАТОго мүчөлүк иш-аракет планы сунушталаарына мен ишенип турам.

Ал эми декабр айына чейинки мөөнөт – тарыхый өнүгүү үчүн анчейин узак убакыт эмес. Ал учурда Орусияны Дмитрий Медведев башкарып турган болот. Бул кезең Вашингтондогу Ак Үй да жаңы кожоюнун аныктаган учурга да туура келет.

Ал эми Украина менен Грузияда бул аралыкта суу кандайча тездик менен жана кайсы багытта агаар экен, бара көрөбүз, дешет серепчилер.

XS
SM
MD
LG