Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:51

АТЭКтин жыйыны аяктады


Президент Жорж Буш АТЭКтин былтыр Сиднейде өткөн форумунда
Президент Жорж Буш АТЭКтин былтыр Сиднейде өткөн форумунда

Перунун борборунда Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык форумуна кирген өлкөлөрдүн кезектеги жыйыны аяктады. Анын жүрүшүндө АКШнын жана Россиянын президенттери жолугушту.

Жорж Буш менен Дмитрий Медведев бир сааттай сүйлөштү. Президенттер бир катар маселелердеги пикир келишпестиктерге карабастан эки өлкөнүн практикалык чөйрөлөрдөгү кызматташтыгын улантууну зарыл деп табышты. Тараптар Сомалидеги деңиз каракчыларына каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн жакынкы аралыкта биргелешип жаңы демилгелерди даярдашат. Мындан тышкары декабрда АКШнын ракетадан коргонуу системасы боюнча кезектеги консультацияларды өткөрүшөт.

Эки президент ошондой эле дүйнөлүк экономикадагы жагдайды жана эл аралык коопсуздук маселелерин учкай сөз кылышты. Жорж Буш эки өлкө өз ара мамилелерде пайда болгон проблемаларды чече аларына ишенерин билдирди жана бу багыттагы иштер улантыла турганына ишендирди. Путин менен да, Медведев менен да көп ирет жолугушканын, алар менен пикири бир жерден чыккан учурлар, ошондой эле өз ара тил табыша албай калган жагдайлар болгонун эске салып, Буш канткен күндө да эки өлкөнүн мамилелерин ыкыластан тайбаган деңгээлде кармаганга аракет кылганын белгиледи.

Медведев да АКШ менен Россиянын лидерлери өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө жакшы салым кошушканын баса көрсөттү. ”Келише албаган маселелер болгондугуна карабастан жалпысынан дурус аракеттер жасалды, бул ишти улантабыз”,-деп айтты Медведев.

Медведев Бушту эмдиги жылы январда Ак үйдөн кеткенден кийин Москвага келип кетүүгө чакырды.

Лимадагы жыйын Медведев үчүн АТЭКтин биринчи, ал эми Бушка акыркы саммити болду. Форумга кирген жыйырмадан ашуун өлкөнүн жана эки аймактын лидерлери азыркы финансылык кризистен чыгуунун жолдорун макулдашышты. Корутунду декларацияда инвестицияга жана соода-сатыкка кеңири жол ачуу, алар үчүн жаңы тоскоолдуктарды түзүүгө эмдиги жылы мораторий жарыялоо зарылдыгы көрсөтүлдү. Форумга катышкандар эл аралык валюта фондусун, дүйнөлүк банкты реформалоо идеясын, ошондой эле Вашингтондо өткөн “чоң жыйырманын” жыйынында кабыл алынган чечимдерди колдошту.

Форумдун жүрүшүндө президент Буш АТЭКтин өлкөлөрүн “эркин рыноктун күчүнө” таянууга чакырды. Анын айтымында, региондо көп аймактардын жогорулашына алып келген эркин ишкердик саясаты бүткүл дүйнөдөгү абалды да кайра жакшыртууга жардамдаша алат.

АТЭКтин эмдиги жыйыны келерки жылы Сингапурда өтө турган болду.

XS
SM
MD
LG