Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Евробиримдик тарыхый планды бекиткени турат


Евробиримдиктин лидерлери Брюсселде бүгүн аяктачу саммитте глобалдык жылуулакка жана экономикалык кризистен чыгуу боюнча чечим кабыл алышат. Алдын ала макулдашууларга ылайык, Биримдикте көмүртектин кошкычкылын абага бөлүү 2020-жылга 20 процентке кыскартылууга тийиш.

Евробиримдик зыяндуу өндүрүштүк газдарды атмосферага бөлүүнү 2020-жылга 2005-жылга салыштырмалуу бештен бирге кыскартууну алдын ала макулдашып алган. «20-20-20» деп аталган бул планга жараша, Биримдикке мүчө 27 өлкө отун энергиясын 20 процентке үнөмдөөгө жана түгөнгүс энергия булактарын пайдаланууну 20 процентке көбөйтүүгө тийиш.

Катаал план кабыл алынат деген илгери үмүтүн Финляндиянын тышкы иштер министри Александр Стубб бейшемби күнү Брюсселге келер замат билдирди:

- Биз тарыхый чеим алганы жатабыз. Европа энергияныны пайдаланууда жана климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөштүн жолун башкаларга көрсөтмөкчү.

Өнүдүштүк зыяндуу газдарды абага бөлүүнү кыскартууга Евробиримдикке мүчө экс-коммунисттик 9 өлкө анча ынтызыр эмес. Себеби, көмүртектин кошкычкылын бөлүүнү азайтуу өнөр жай ишканаларынан кошумча чыгымды талап кылат. Бул жүктү жеңилдетүү үчүн посткоммунисттик тогуз өлкөнүн электр жана жылуулук станциялары 2013-2020-жылдары эмиссия үчүн акча төлөөдөн бошотулат.

Брюссель жыйынында Евробиримдиктин лидерлери учурдагы финансылык кризиске каршы күрөшүү боюнча 200 миллиард евролук орток планды да бекитмекчи. Ал үчүн планда Биримдик мүчөлөрү ички дүң продукциясынын 1,5 процентинин тегерегиндеги каражатты бөлүүсү каралган. Бу сунуш бекитилсе, орток чыгымдын 20 процентин көтөрүп калабыз деп, Германия жакшы ынабай турат. Франция, Британия, Италия сыяктуу Биримдиктин бакубат өлкөлөрү да орток казанга бөлүнчү акчанын көлөмү боюнча кайчы пикирде.

Ошентсе да, канцлер Ангела Меркель 11-декабарда Германия маселени талкуулоого даяр экенин кабарлады:

-Германия Евробиримдиктин экономикасыны стимулдаштырууга орто эсеп менен Биримдиктин ички дүң продукциясынын 1,5 процентин бөлүү жөнүндөгү Еврокомиссиянын пикирин колдойт.

Евробиримдиктин экономиканы стимулдаштыруу планынын долбоорунда финансылык кризиске каршы күрөштө улуттук өкмөттөргө айырым эркиндиктер берилген. Атап айтканда, ар бир өлкө өз керектөөчүлөрүнү колдоо үчүн кошумча нарк салыгын кыскарта алат. Бул бюджетке түшкөн кирешени азайтат деген Германия мындай долбоорго макулдук бербей жатат.


XS
SM
MD
LG