Линктер

бейшемби, 24-август, 2017 Бишкек убактысы 05:25

А.Абдрасулова: "Оппозиция программасын өзү ишке ашырууга милдеттүү"


Оппозиция иштеп чыккан өнүгүү концепциясын өкмөткө таңуулабастан аны өзү аткарууга аракеттениши зарыл. Мындай пикирин “Азаттыкка” “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандагы оппозиция биригүү аракетин баштаган менен көздөгөн максатына жетээрине күмөн ой көп, себеби алар жазда жана күздө бир курултай өткөрүп, сунуштарды бийликке айтып койгондон башка аракет кылган жери жок. Оппозиция өзү даярдап, кабыл алган программасын бийликке келип, ишке ашыруу үчүн тынбай аракет кылууга милдеттүү деди Абдрасулова. (BD)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG