Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

И.Исаков: Уулумдун аскерий кызматтан кетүү чечимин кубаттайм


Мурдагы коргоо министри И.Исаков өзүнө карата козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп баалап, эми мындай кысымдар уулуна болушу ыктымалдыгын, АКШда кызмат өтөп жаткан уулу Русландын бул өлкөдөн баш паанек сурашы мүмкүндүгүн билдирүүдө.

- АКШда аскерий кызмат өтөп жаткан уулуңуз Руслан АКШдан саясий баш паанек сурашына эмне себеп болууда?

- Уулум Руслан Исаков атасы генерал Исаковду мамлекет башчысы тарабынан болгон саясий куугунтуктун негизинде, Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам армияны элге каршы кое тургандыгын юрист катары билип туруп, ушундай учурда моралдык укугум жок, мындай кол башчынын алдында кызмат кылбайм деген негизде арыз жазып, Коргоо министрлигине кайрылды. Мына өзүңүздөр көрүп тургандай, мага гана эмес, жакындарыма, оппозициянын мүчөлөрүнө куугунтук болуп жатат. Ушуну эске алганда уулума карата да ар кандай куугунтук болушу ыктымал.

- Аскер кызматкеринин саясий баш паанек сураганга укугу барбы? Мында мекенин саткан деген сыяктуу айыптар тагылбайбы?

- Бүгүнкү бийликте бардыгы табыла берет. Эгерде ууруларга, пара алгандарга, мамлекеттик байлыкка кол салгандарга колдоо көрсөтүп, таза адамдарды куугунтуктап жаткандан кийин мындай маалыматты ММКлар аркылуу бериши мүмкүн. Өз аразын жазып, мен ушул армиядан кетейин дегенден кийин булар мыйзамдын чегинде бошотушка милдеттүү. Мындай абалда ал эмне кылыш керек, албетте өзүн-өзү сакташы керек.

- Уулуңуздун кызматынан кетүү тууралуу арызы канаатандырылгандыгы боюнча маалыматыңыз жокпу?

- Азырынча так айта албайм, бүгүн бул арыздар эмне болгонун тактап сурайбыз. Кандай гана болбосун министр арызга кол коюшу керек. Эгерде атасын атайын куугунтуктап, болбогон нерсени болду деп жатканда аскерий кийимин кийген баласы эмне кылышы керек. Кетиши керек да, моралдык укугу да жок.

- Бул уулуңуздун өзүнүн чечими болдубу?

- Албетте, мага өз чечимин айтканда мен айттым, өзүң чечесиң, өзүңдүн көз карашың деп. Эгерде ушундай чечим кабыл алсаң, мен туура деп эле колдойм дедим.

- Сизге карата козголгон кылмыш иши президенттин тукуруусу менен болду деп билдирдиңиз эле. Бул боюнча президент К.Бакиев менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жокпу?

- Мен атайын президентке жүгүрүп барып, ушундай аракетиңизди токтотуңуз деп эч качан айтпайм. Президент өзү ошону билип туруп токтотушу керек. Себеби мен иштеп жүргөндө бардыгын билишкен, эми азыр атайын топту отургузуп, министрге барып, бардык каржы бөлүктөрүн текшерттирип, ушундай жазалагын деп түртүп жатканын мага маалымат берип жатышат. Ошондуктан президент өзү чечим кабыл алышы керек.

- Буга чейин “Жаңы Кыргызстан” партиясынын негиздөөчүсү Үсөн Сыдыков сизди партиянын баш катчылыгынан четтетүү маселесин көтөрүп чыккан эле. Бул партия ичинде бөлүнүп-жарынууну пайда кылган жокпу?

- Эми азырынча андай жок, себеп дегенде партиянын көпчүлүк мүчөлөрү мага телефон аркылуу кайрылышып, колдошоорун билдиришүүдө. Бизди колдогондор биз менен калат. Башка жакты колдогондорду теле аркылуу айттырып жатышпайбы, Исаковду колдобойбуз деп айткыла деп. Мындай процесс табияттын иши, ошондуктан буга эч капачылык жок.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG