Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

В.Михайленко:Сот аткаруучулардын аракети мыйзамсыз


“Бишкектеги Кыргыз-казак укук жана мамлекеттик кызмат академиясынын окуу аудиториясы менен административдик кеңсээлерине 28-августта сот аткаруучулар мыйзамсыз талкалап киришти”,-деп билдирди аталган окуу жайдын ректору Валерий Михайленко бүгүн маалымат жыйынында. Анын айтымында, аталган окуу жай ижарада турган имараттан чыгаруу же чыгарбоо маселеси Бишкек шаардык сотунда каралууда. “Ал эми Бишкек районаралык сотунун чечими 10 күндүн аралыгында күчүнө кириши керек эле, ага карабай сот аткаруучулар мыйзамдан тышкары аракет кылышты”,-дейт Михайленко. Учурда окуу жайдагы 190 студенттер менен окутуучулар курамы окуу процессин баштай элек. Маалыматка караганда, 2002-жылы “Бишкек штамптоочу заводу” менен аталган академия 10 жылдык мөөнөт менен ижарага алуу боюнча келишим түзүшкөн. 2003-жылы имарат жеке адамга сатылып, ал 2004-жылы Кыргыз-орус Славян университетине сатып жиберген. (AJ)

XS
SM
MD
LG