АКШ жана Британия лидерлери Мексика булуңундагы мунай кризисин телефондон аркылуу талкуулашты. Президент Барак Обама Мексика булуңуна аккан мунайды токтото албай жаткан “Бритиш петрелиум”(БП) компаниясын сындоо Британияга каршы багытталбаганын премьер-министр Дэвид Кэмерон менен ишемби күнү болгон 30 мүнөттүк телефон баарлашуусунда айткан. “Бритиш петрелиумга” таандык кенден 52 күндөн бери аккан кара май АКШнын түштүк жээгин булгагандан улам соңку жумаларда Вашингтон-Лондон мамилеси бир кыйла солгундай түшкөн.