Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Р.Отунбаева: Кыргызстан Миң жылдыктын өнүгүү максаттарынан артта калбоого аракеттенет


Кыргыз президенти бул тууралуу Улуттар уюмунун саммитинде сүйлөгөн учурунда айтты:

-Менин өлкөм туш болгон бардык саясий жана социалдык-экономикалык проблемаларга карабай, биз Миң жылдыктын өнүгүү максаттарына жетүүнүн үстүндө аларды өлкөнүн өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясына, аракет пландарга киргизүү менен көшөрүп иштөөнү улантуудабыз.


Роза Отунбаева БУУдагы үч күндүк саммиттин акыркы иш күнүндө сөз алды. Саммит Улуттар уюму мында он жыл мурда кабыл алган декларацияда мерчемделген максаттардын аткарылышына арналды. Андагы декларацияда 2015-жылга чейин дүйнөдө жакырчылыктын деңгээлин эки эсе кыскартуу, ачарчылыкты биротоло жеңүү, аялдар менен эркектер ортосундагы теңсиздикти жоюу, балдар жана энерлер өлүмүн азайтуу, экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу, СПИД, кургак учук илдеттеринин жайылышын токтотуу өңдүү сегиз максат белгиленген.

Кыргыз президенти өз сөзүндө июнда түштүктө орун алган Улут аралык жаңжалдын кесепеттерине да учкай токтоло кетти. Кыргызстанда соңку алты айда орун окуялар өнүгүү, демократия жана коопсуздук деген түшүнүктөр бири-биринен ажырагыс экендигин далилдегенин кошумчалады.

Роза Отунбаева АКШдагы сапарын бүгүн БУУнун башкы ассамблеясынын 65-сессиясынын жалпы саясий талкууларына катышуу менен улантат. Анын Нью-Йоркто АКШ президенти Барак Обама менен жолугушуусу да белгиленген. (UE)

XS
SM
MD
LG