Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Батыш дипломаттары Сирияны кескин сындоодо


Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин Европадагы мүчөлөрү эгерде Дамаск демонстранттарды күч менен басканды токтотпосо, катуу чаралар көрүлөрүн дагы бир ирет эскертишти.

Ушундай эле ойду АКШнын президенти Барак Обама да билдирип, Сириянын президенти Башар Ассадды кызматтан кетүүгө чакырууда.

Азырынча Кытай жана Орусиянын макулдугу болбогонуна байланыштуу Коопсуздук кеңешинин Сирия боюнча чаралары токтоп турат жана колдоп берилери белгисиз.

Эскертүүнүн артынан эскертүүлөр

Эл аралык коомчулук Сириядагы толкундоолорду күч менен басып жаткан Башар Ассаддын режимин кескин сындоодо.

10-августта БУУнун Коопсуздук кеңешинин европалык мүчөлөрү эгерде Дамаск өлүмдөргө алып келген иш-аракеттерин токтотпосо, Сирияга карата бир катар катуу чаралар көрүлөрүн билдиришти.

Батыш дипломаттары Сирияга карата санкциялар логикалуу кадам экендигин айтышууда. Бирок вето укугуна ээ Орусия жана Кытай бул идеяны азыр колдошо элек.

Орусия буга чейин Дамаскты убада кылынган реформаларды тезинен аткарууга үндөгөн.

Батыш дипломаттары маалымдашкандай, БУУнун жетекчисинин саясий суроолор боюнча орун басары Оскар Фернандес-Таранко 10-августта жабык эшик артында өткөн Коопсуздук кеңештин жыйынында марттан бери уланган бийликке каршы толкундоолор маалында 2000 жаран өлгөнүн кабарлаган.

Фернандес-Таранко Коопсуздук кеңеши өткөн аптада да катуу эскертүү жасаганын, бирок Сирияда жума ичи адам өлүмдөрү токтобогонун кошумчалаган.

Сирия Коопсуздук кеңешинин көңүл чордонунда калууда. Келерки апта БУУнун адам укуктары боюнча адистеринин Сириядагы кырдаал боюнча отчеттору угулат. Андан соң эскертилип жаткан чаралар көрүлөт.

Британиянын Бириккен Улуттар уюмундагы элчисинин орун басары Филип Пархам билдиргендей, Фернадес-Таранконун жабык эшик артында жасаган отчетунда аябай “көнүл чөктүргөн жана суук” фактылар бар.

- Биз эмнеге кабатырланып жатабыз? Айрым гана фактыларды эске салсам – 2000 карапайым адам өлгөн. Алардын басымдуу бөлүгү – куралсыздар. 3000 жаран дайынсыз жок. 13 000 адам камакта. Он миңдеген адамдар үйлөрүн таштап, качып жүрүшөт. Бир нече миң сириялык качкын Түркияда. Журналисттер жана гуманитардык уюмдар өлкөгө кире алышпайт.

Бирок Сириянын БУУдагы элчиси Башар Жафари европалыктардын сынына макул эмес жана өкөдөгү кырдаалды Британиядагы толкундоолор менен салыштырууда.

- Британиянын премьер-министри Лондондогу толкундоолор тууралуу сүйлөп жатып “кылмыштуу топтор” деген терминди колдонду – бул чоң көрсөткүч жана көп нерседен кабар берет. Ошол эле убакта бизге куралчан топторду жана террорчуларды ушинтип сүрөттөөгө макулдук жок. Бул - эки жүздүүлүк, теңсинбөөчүлүк.

АКШ Ассадсыз Сирияны каалайт

Бириккен Улуттар уюмундагы британиялык дипломаттар бул салыштырууну “абсурд” деп сыпатташты.

Ал эми АКШнын БУУдагы элчиси Сюзан Райс Ассаддын бийлигине каршы ушуга чейин болуп көрбөгөндөй чоң билдирүү жасады.
2000 карапайым адам өлгөн. Алардын басымдуу бөлүгү – куралсыздар. 3000 жаран дайынсыз жок. 13 000 адам камакта.

- Биз дүйнө жүзү боюнча иштеген адистер катары Ассаддын жүрүм-турумун акылга сыйбас деп эсептейбиз. Ал өзүнүн легитимдүүлүгүн толук бойдон жоготту, Сирия жана бул өлкөнүн элине Ассадсыз алда канча жакшы болот.

Вашингтондо президенттин администрациясы биринчи жолу Ассадды кызматтан кетүүгө үндөгөн билдирүү даярдап жатканы кабарланууда.

Башар Ассад өлкөдөгү кырдаалды күчөтүп, толкундоолор болгон жерлерге танк жана көзгө атарларды жөнөткөнү үчүн айыпталууда. Буга чейин АКШнын Каржы министрлиги Сирияны колдогон ишканаларга санкцияларды киргизген.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG