Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:52

Орусияда каза тапкан Тынчтыкбектин сөөгү бүгүн Кыргызстанга жеткирилет


Апрелдин 3үнөн 4үнө караган түнү Орусиянын Екатеринбург шаарында 93 жеринен бычак жеп каза тапкан кыргызстандык Сатар уулу Тынчтыкбектин сөөгү мекенине бүгүн жөнөтүлөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулу Гүлнура Нарматова билдирди.

Анын айтымында, Тынчтыкбектин өлүмү боюнча жергиликтүү полиция кылмыш иш козгоп, тергөө жүрүп жатат. Бирок азырынча ал жигитти ким, эмне себептен өлтүргөнү белгисиз. Сөөктү Кыргызстанга жөнөтүү үчүн Екатеринбургда соодада иштеген кыргыз мигранттары 35 миң рубл чогултуп беришти.

Февралда жаңы гана 20га чыккан Тынчтыкбек ошол жерде жердештери менен чогуу бир батирде жашап, кафеде коопсуздук кызматкери болуп иштеп жүргөн.

Нарматованын айтымында, марттын аягында да Екатеринбургда 1978-жылы туулган Сапарбай Жолдошев киши колдуу болгон. Ал боюнча да тергөө жүрүп жатат.

Айрым маалымат булактарында бул кылмыштар орусиялык улутчулдардын, скинхеддердин жасаганы деп айтылууда. Бирок Нарматованын айтымында, "буга чейин бул консулдук округда скинхеддердин колунан жабыркагандар болгон эмес, алардын кыймылы да байкалбайт". (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG