Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:10

Орусияда кулчулукка кабылган кыргыз жараны куткарылды


Дагестанда кулчулукка кабылды делген кыргызстандык Каныбек Маманиязов азыр Орусиянын Астрахань облусундагы кыргыз диаспораcында. Бул тууралуу "Азаттыкка" Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Араван районунун тургуну, 1980-жылы туулган Каныбек Маманиязов 5 жылдан бери кулчулукта жүргөнү, табылгандан кийин бир жумадан бери Орусияда Георгиев деген жарандын үй-бүлөсү асырап турганын ММК жазып чыккандан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери аны издеген.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги азыр Каныбектин тек-жайын тактап жатат, андан кийин документтерин жасоого жардам беришет. (AKu)

XS
SM
MD
LG