Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

3-мартка карата аба ырайы


Шашылыш билдирүү

2-марттан 4-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137 км, 198-265 км), Каракол-Эңилчек (45-90 км), Мырзаке-Каракулжа-Алайкуу (45-90 км, 145-150 км), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100 км) тоолуу автожолдорунда кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так сактоо сунушталат.

3-мартта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок болот. Шамал түштүк-чыгыштан, ылдамдыгы секундасына 3-8 метр.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 9...14,
Талас облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 7...12,
Баткенде түнкүсүн 2...7, күндүз 10...15,
Ош жана Жалал-Абад облустарында 3...8, күндүз 10...15,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...5, күндүз 1...6,
Нарында түнкүсүн -6...-11, күндүз -1...+4,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -16...-21, күндүз 1...+4,
Тоолордо түнкүсүн -13...-18, ал эми күндүз -7...-12 болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 3...5, күндүз 10...12 градус жылуу.

XS
SM
MD
LG