Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Ак-Сай: "Бизди ким угат?"


Ак-Сайда жаштар аз, көпчүлүгү жумушсуздуктун айынан башка жактарга иш издеп кетишкен.
Ак-Сайда жаштар аз, көпчүлүгү жумушсуздуктун айынан башка жактарга иш издеп кетишкен.

Кыргызстандын ИИМи быйылкы 10 айда өлкөдө 41 чек ара жаңжалы катталганын, анын көпчүлүгү кыргыз-тажик чек арасында болгонун кабарлады. 27-апрелде Баткенде Тажикстандын Ворух анклавына туташ жерде жайгашкан Ак-Сай айылында болгон чыр алардын эң ириси болуп калды. Калкы эки миңге жетпеген айылдын эли бүгүн да коркуу сезими менен жашайт.

Ак-Сай - эки тарабынан тоо, башка эки жагынан Тажикстандын айылдары менен курчалган кичинекей кыштак.

Ак-Сай: "Бизди деги ким угат?"
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:55 0:00
Түз линк

Айылдын тургундары Баткен облусунун калган бөлүгү менен байланышуу үчүн Кожоало деген тажик айылын аралап өтүшү керек. Ошондуктан алар айылды кечип өтпөй, аны айланып өтүш үчүн Ак-Сай – Тамдык жолун апрелде кура башташкан. Эгер ал жол курулса, Тажикстандын Исфара шаарын Кыргызстандагы Ворух эксклавы менен азыркыдай бир жол байланыштырбай калмак жана Ворухка баруу тажик жарандары үчүн кыйын болуп калмак.

Бул, албетте, коңшуларга жаккан жок. Алар 27-апрель күнү жолдун курулушуна киришкен аксайлыктарга кол салып, машинелерин ташбараңга алышты. Эки жактан тең жолдор жабылып, ташбараңдан бир топ киши жаракат алган. Тажикстандыктар жолдун курулушуна каршылыгын аймакта эки өлкөнүн чек арасы так аныктала электиги менен түшүндүрүшкөн.

Ак-Сайдын тургуну бийликтерге кайрылат
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:40 0:00
Ал күнкү окуялардан Ак-Сайдын тургундары катуу коркуп калышкан экен. Чочулоо балдардан тарта аксакалдарга чейин сезилип тургансыйт.

Мен бул айылдагы эң чоң жаңжалдардын бири катталгандан жарым жылдан кийин “кырдаал өзгөрдү бекен” деген таризде Ак-Сайга жол алдым. Мага абал жөнүндө данисте маалымат алыш үчүн Бириккен улуттар уюмунун Тынчтык жана Өнүгүү программасынын ыктыярчысы Таалай Ибраимов, учурда Бишкекте окуп жаткан аксайлык студент Дастанбек Надыров жана айылдын тургундары жардамдашат.

Фотобаян: Чек арадагы Ак-Сай айылы

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG