Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:29

АКШда алты жүздөн ашуун киши камакка алынганы жарыяланды


Бул АКШнын Ички коопсуздук министрлиги көчө кылмышкерлерине каршы бүткүл өлкө боюнча жүргүзгөн эң ири операциянын натыйжасында болду.

Бандиттик топтун мүчөсү деп шектелген 638 адам акыркы эки айда 179 шаардан кармалышкан.

АКШ бийликтери маалымдагандай, камакка алынгандардын 400дөн ашууну мурда кылмыш жасагандар, жетөө адам өлтүргөнү үчүн изделип жаткан.

Кармалгандардын 75% “Суренос” деген кылмыштуу топтун мүчөсү деп шектелүүдө.

“Суреностун” Латын Америкадагы жана маңзат соодасы менен алектенген башка кылмыштуу топторго байланышы бар. (UE)

XS
SM
MD
LG