Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Ысык-Көлдө “Карагат” фестивалы өттү


Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жер жана мөмө-жемиштердин “Карагат” аттуу фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу аталган фестивалдын уюштуруучуларынын бири Ариана Чолпонкулова кабарлады. Анын айтымында, “Карагат” фестивалы мындан кийин жыл сайын уюштурулат.

Иш-чарада жемиштердин жармаңкеси, мөмөнү кайра иштетүүчү жабдыктардын көргөзмөсү уюштурулуп, дыйкандарга карагат өстүрүүнүн сырлары боюнча сабактар өтүлдү. Уюштуруучулардын айтымында, жергиликтүү дыйкандар менен ишкерлер ортосунда 85 тонна карагатты сатуу боюнча келишимге кол коюлду.

“Карагат” фестивалы биринчи жолу былтыр уюштурулган. Андагы иш-чарага бир жарым миң киши катышып, 50 тонна карагат сатылган. (UEz)

XS
SM
MD
LG