Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:00

Индонезияда эки уйгур “согушкери” жок кылынды


Индонезия
Индонезия

Индонезия бийлигинин ырасташынча, коопсуздук күчтөрү согушкер деп шектелген эки кишини өлтүрүштү. Экөө тең Кытайдан келген этникалык уйгурлар экени кабарланды.

Алар 15-март күнү Сулавеси аралында жок кылынган. Иликтөө маалыматтарына ылайык, шектүүлөр “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун ашынган жактоочусу саналган Сантосо ысымдуу адам менен жакын мамиледе болушкан. Сантосо үч жылдан бери издөөдө жүрөт.

Кытайдын түндүгүндөгү жүздөгөн уйгурлар бийликтин кысымынан улам четке чыгып кетүүгө мажбур экени айтылып келет. Айрым маалыматтарга караганда, алардын арасында Сирия жана Ирактагы согушкерлерге кошулуп кеткендер арбын.

XS
SM
MD
LG