Кыргызстандык балбан Муслим Евлаев Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан IV Ислам шериктештиги оюндарынын чемпиону болду.
Мелдештерге катышкан Кыргызстандын делегациясынын маалымат катчысы Бакыт Шүкүралиевдин маалыматына караганда эркин күрөшчү Евлаев 19-май күнү 74 килограмм салмакта күч сынашты.
Ал алгач чейрек финалда мавританиялык спортчуну 10:0 эсебинде утту. Жарым финалда казакстандык Болат Сакаевди 7:4 эсебинде жеңди. Алтын байге үчүн чечүүчү таймашта түркиялык Сонер Демиртас менен беттешип (4:4) жеңишке жетти.
Евлаевдин байгесин кошкондо учурда Кыргызстандын спортчуларында үч алтын, үч күмүш, жети коло медал чогулду. Жалпы 13 байге менен медал алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан 10-катарда бара жатат. Азербайжан өлкөсүнүн спортчулары 63 алтын, 35 күмүш, 26 коло байге менен көч башында. 2-орундагы Түркиянын эсебинде 61 алтын, 56 күмүш, 45 коло байге бар. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан 57 байге менен төртүнчү катарда бара жатат (14 алтын, 15 күмүш, 28 коло). 12-катарда Түркмөнстан (2 алтын, 4 күмүш, 6 коло),15-орунда Казакстан (2 алтын, 3 күмүш, 9 коло) спортчулары бара жатат.
12-майда башталган IV Ислам шериктештиги оюндары 22-майда аяктайт. Ага 54 мамлекеттен 3000ге жакын спортчу катышууда. Алар спорттун 23 түрүнөн 269 топтом медал үчүн таймашууда. Кыргызстандан спорттун 11 түрүнөн 68 спортчу күч сынашат. (ECh).