Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 21:22

Быйылкы Рамазан айында Кыргызстанда чогултулган битир-садага 33 668 886 сомду түздү.

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда топтолгон акча облустук казыяттар, райондук хатибияттар жана мечиттерге түшкөн арыздардын негизинде мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, кароосуз калгандарга, жетим-жесирлерге таратылууда.

Быйылкы битир-садагадан Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга жалпы 3 млн 200 миң сомдук жардам берилген. Ошондой эле муфтият быйыл кабыл алынган арыздарды атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен 3 категорияга бөлүп, 1 млн 900 миң сомду муктаждарга таратып бергени, алардын арасында оор операцияны баштан кечиргендер, бөйрөк оорусунан жабыркап гемодиализ алгандар бар экени айтылды.

Кыргызстанда мусулмандардын быйылкы Рамазан айы 27-майда башталып, 24-июнда аяктаган. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG