Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

Ирандын кайра шайланган президенти Роухани ант берди


Экинчи мөөнөткө шайланган президент Хасан Роухани Иран мажилисинде ант берүү аземинде сүйлөөдө. Тегеран. 05.8.2017.
Экинчи мөөнөткө шайланган президент Хасан Роухани Иран мажилисинде ант берүү аземинде сүйлөөдө. Тегеран. 05.8.2017.

Ирандын президенти Хасан Роухани ишембиде (5-августта) өлкө парламентинин ("Мажлис-и шуравий-и исламий") ачык отурумунда экинчи жолу президенттик кызматка отуруп жатканына байланыштуу ант кармады. Роухани мырза өз өлкөсү жанаша жашоо жана дүйнө менен карым-катнашты чыңдоо жолу менен өнүгө турганын белгиледи.

Тегерандагы бул аземге 100дөн ашуун чет элдик сый коноктор келишти. Алардын бири - Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини бул аземдин алдында президент Роухани жана Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф менен көзмө-көз сүйлөшкөнү кабарланды, бирок алар эмне тууралуу талкуу кылганы ачыкталган жок.

Зимбабвенин узак убакыттан берки мамлекет башчысы Роберт Мугабе сыяктуу Ирандын салттуу шериктери да бул аземге катышты.

68 жаштагы диниятчы Роухани кыйла сабырдуу саясатты көздөгөн ишмер катары маалым. Ал үстүбүздөгү жлы 19-май күнү атаандаштык негиздеги шайлоонун натыйжасында президенттикке кайра шайланып, августтун 3үндө өлкөнүн жогорку рухий башчысы, айатолла Али Хаменейи тарабынан шайлоодогу жеңиши тастыкталган.

Роухани 2015-жылдагы Ирандын дүйнөдөгү кубаттуу мамлекеттер менен өзөктүк отун тармагындагы келишимин мурдагы президенттик мөөнөтүнүн башкы жетишкендиги катары белгилеген. Иран бир катар өзөктүк долбоорлорунан баш тарткан. Мунун натыйжасында Иранга карата кыйла чектөөлөр алынып салынган болчу.

Эгерде АКШ бул келишимге каршы кадамга барчу болсо, анда расмий Тегеран унчукпай кала бербестигин Роухани эскертти.

Кыргыз президенти А.Атамбаевдин ирандык президент Х.Роухани менен жолугушуусу. 23.12.2016.
Кыргыз президенти А.Атамбаевдин ирандык президент Х.Роухани менен жолугушуусу. 23.12.2016.

2016-жылы 23-декабрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Ирандын президенти Хасан Роуханинин Бишкектеги сүйлөшүүлөрүнөн соң, эки тараптуу кызматташтык боюнча 10 жылдык программага кол коюлган. Медицина, эмгек жана социалдык коргоо, маалымат-технологиялар, маңзаттарга каршы күрөшүү багытында кызматташтыкты чыңдоо жаатында атайын меморандум түзүлгөн.

Иран мыйзамдарына ылайык, эми президент Роухани өзүнүн жаңы өкмөтүнүн курамын эки аптанын ичинде парламентке (Мажилиске) сунуштоого тийиш.
(TT)

XS
SM
MD
LG