Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Зилалиев: Liglass 37 млн доллар төлөө мөөнөтүн узартууну өтүнүүдө


Дүйшөнбек Зилалиев
Дүйшөнбек Зилалиев

Чехиялык "Liglass Traiding" компаниясы Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу үчүн Орусиянын "РусГидро" ишканасына төгүш керек деген 37 миллион долларды төлөө мөөнөтүн узартууну сурады. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев бүгүн журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, чехиялык компания мындай суранычты форс-мажор менен байланыштырууда. Аталган ишкананын өтүнүчү өкмөткө келип түшкөн. Бирок төлөө мөөнөтүн качанкыга чейин узартуу керектиги анда көрсөтүлгөн эмес. Азыр бул сунуш каралууда.

Бүгүн чехиялык "Liglass" компаниясынын ээчи Михаэл Смелик жана ишкана өкүлү Йиржи Войтеховски Бишкекте маалымат жыйын куруп, аларга саясий күчтөр тоскоол болуп жатканын, медиа аркылуу чабуул жана каралоо жүрүп, натыйжада каржылык оор абалга кабылганын жарыялашкан.

Быйыл июлдун башында "Liglass Traiding" Кыргызстанда Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана ага кошумча он чакан ГЭС куруу боюнча тендерде жеңүүчү деп табылган. Буга улай эле ГЭС курулушун баштоо тууралуу келишимге Бишкекте кол коюлган.

2015-жылы Кыргызстан "ишти үзгүлтүккө учуратты" деген негизде Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча Орусия менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу жокко чыгаргандан кийин кыргыз тарап "РусГидрого" 37 млн доллар бересе болуп калганын орус тарап айтып келатат. Чехиялык компания менен түзүлгөн келишим боюнча бул акчаны "Liglass" 19-сентябрга чейин төлөп бериши керек эле. (NT)

XS
SM
MD
LG