Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:23

Активисттер Борбор Азиядагы кыйноолорду токтотууга чакырышты


Кыйноого кабылдым деген 400дөн ашык даттануучунун 96% милиция кызматкерлеринен запкы тарткандар.
Кыйноого кабылдым деген 400дөн ашык даттануучунун 96% милиция кызматкерлеринен запкы тарткандар.

Бир катар укук коргоо уюмдары Борбор Азия мамлекеттеринин бийликтерине кайрылып, абактагыларды жана соттолгондорду кыйноого алууну токтотууга чакырышты.

Мындай кайрылууну укук коргоочулар Варшавада ушул күндөрү өтүп жаткан Европа Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жылдык жыйынында жасашты.

Францияда жайгашкан "Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандагы кыйноолорго каршы коалиция", Австрияда жайгашкан "Адам укуктары үчүн ассоциация", "Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк" жана башка уюмдар Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрүн кыйноолорго каршы чараларды токтоосуз кабыл алып, күнөөлүүлөрдү жазалап, кыйноо курмандыктарына адилетүү жана адекваттуу компенсация төлөп берүүгө чакырышты.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы быйыл жазда тараткан маалыматка караганда, өлкөдө кыйноолордун саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу 11% азайды. Жалпы республика боюнча кыйноого кабылдым деген 400дөн ашык даттануучунун 96% милиция кызматкерлеринен запкы тарткандар. Укук коргоочулар кыйноого кабылгандардын саны өлкөдө азайганына ишенишпейт.

Польшанын борбору Варшавада өтүп жаткан Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун дүйнөдөгү адам укугунун сакталышын талкуулаган жыйыны 11-сентябрда башталган.

XS
SM
MD
LG