Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

"Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы мыйзам бузгандарды жазалоону талап кылды


“Акыйкат шайлоо үчүн” кыймылы Бишкекте өткөргөн жыйындардын бири.
“Акыйкат шайлоо үчүн” кыймылы Бишкекте өткөргөн жыйындардын бири.

Президент Алмазбек Атамбаевге, спикер Чыныбай Турсунбековго, Боршайком төрайымы Нуржан Шайлдабековага, башкы прокурор Индира Жолдубаевага, премьер-министр Сапар Исаковго жана өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жолдонгон кайрылууда 15-октябрга белгиленген шайлоону таза өткөрүүгө чакырык ташталган.

Аталган кыймыл өз билдирүүсүндө шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү маалында администрациялык ресурс колдонулуп жатканын белгилеген. КТРКдан кетип жаткан "бир жактуу" материалдарга чара көрүлбөй жатканы, аталган каналдын башкы директору Илим Карыпбеков токтоосуз кызматтан кетиши керектиги жазылган. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев шайлоо өнөктүгүнө кийлигишип, диний адамдардын кайсы бир талапкерлердин үгүт иштерине катышуусу боюнча Башкы прокуратура "үн катпай отурат" деген нааразылык айтылган.

Ошондой эле администрациялык ресурс тууралуу фактыларды текшерип чыгуу, мыйзамдын чегинен чыккан чиновниктерди жазалоо талабын коюшкан. Кайрылууга кыймылдын мүчөлөрү - Роза Отунбаева, Абдыганы Эркебаев, Феликс Кулов, Зайнидин Курманов, Равшан Жээнбеков, Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Камила Талиева, Камила Шаршекеева, Бегалы Наргозуев, Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, Табылды Акеров кол коюшкан.

“Акыйкат шайлоо үчүн” жарандык кыймылынын кайрылуусуна бийлик өкүлдөрү азырынча жооп бере элек. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмундагы кайрылуусунда жана Токмокто эл менен жолугушкан учурда "таза жана ачык шайлоо өткөрүү туруктуулуктун кепилдиги" деп айткан.

Өкмөттүн шайлоого даярдык көрүү штабын жетектеген вице-премьер-министр Темир Жумакадыров шайлоо өнөктүгүндөгү мыйзам бузуулар боюнча убагында чара көрүлүп жатканын билдирген.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков коомдук канал мыйзам чегинде гана иштеп жатканын айтып келет.

XS
SM
MD
LG