Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

Европарламент Орусияны сындаган резолюция кабыл алды


Илми Умеров
Илми Умеров

Европарламент 5-октябрда Орусия сотторунун крымдыктарга карата өкүмүн кескин сындаган резолюция кабыл алды. Анда Кремлге каяша айтканы үчүн жазаланган элүүдөй крым татары жана башка жергиликтүүлөр эске алынган.

Анын ичинде крым татарларынын лидерлери Илми Умеров жана Ахтем Чийгоз да камтылып, аларды "токтоосуз жана сөзсүз" бошотуу талап кылынат. Мындан тышкары журналист Никола Семенага коюлган айыптар да алынышы керектиги белгиленет.

Ошондой эле депутаттар Евробиримдикти жогорудагы үчөөнү куугунтуктоого катышы бар орусиялыктарга санкция салууга чакырышкан.

Семена жикчилдикке айыпталып шарттуу кесилген. Крым татарларынын Межилисинин төрага орун басары Ильми Умеров да сепаратизмге айыпталып, эки жылга эркинен ажыратылган. Ал эми Межилистин дагы бир төрага орун басары Ахтем Чийгоз жапырт башаламандыкты уюштурду деген айып менен сегиз жылга кесилген.

XS
SM
MD
LG