Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:31

Түркмөнстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Сердар Бердымухамедов.
Сердар Бердымухамедов.

Президент Гурбангулы Бердымухамедовдун авторитардык башкаруусундагы Түркмөнстанда бүгүн парламенттик шайлоо өтүп жатат.

Талапкерлердин арасында президенттин уулу Сердар Бердымухамедов да бар. Мындан тышкары атаандашып жаткан бийликчил партиялардын өкүлдөрү жана бир нече көз карандысыз талапкерлердин баары Бердымухамедовду колдой турганы айтылды.

36 жаштагы Сердар Бердымухамедов парламенттин учурдагы депутаты. Байкоочулар ал атасына мураскер болушу мүмкүндүгүн айтып келет.

Январда Вашингтондо жайгашкан Freedom House уюму Түркмөнстанды "адам укуктары жана саясий эркиндиктер чектелген эң начар" он эки мамлекеттин катарына кошкон.

Өлкөдө буга чейин өткөн шайлоолордун бирин да батыштык байкоочулар тааныган эмес. Быйыл февралда Гурбангулы Бердымухамедов президенттик шайлоодо расмий маалымат боюнча 97 пайыз добуш менен утуп чыгып, үчүнчү мөөнөткө шайланган.

Учурдагы парламенттик шайлоого 284 талапкер катышып, 125 орун үчүн ат салышууда. Шайлоо Ахал вилайетинен ат салышып жаткан президенттин уулу Сердар Бердымухамедовдун позициясын бекемдөө аракети катары бааланууда.

XS
SM
MD
LG