Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

Ливан: Шайлоодо “Хезболла” менен өнөктөштөрү алдыда


Ливандагы шайлоодо добуш саноо. Бейрут, 6-май, 2018-жыл.
Ливандагы шайлоодо добуш саноо. Бейрут, 6-май, 2018-жыл.

Ливандын Иран колдогон “Хезболла” кыймылы жекшембиде өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча алдыда келатканы кабарланды. “Хезболла” менен анын өнөктөштөрү 128-орундуу парламенттеги орундардын жарымынан көбүн алаары айтылууда.

Бүгүн кечке жуук шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болот. Анда “Хезболла” көпчүлүк мандатка ээ болгону ырасталса, АКШ баштаган бир катар өлкөлөрдө “террористтик топ” катары таанылган куралдуу кыймылдын саясатка аралашуусу жанданат.

“Хезболланын” Ливан парламентине көпчүлүк добуш менен кириши Ирандын аймакта өсүп бараткан таасирин арттырат.

Ливанда тогуз жылдан кийин өткөрүлгөн парламенттик шайлоого 49,3% гана киши добуш берди. 2009-жылы шайлоочулардын 54% катышкан эле.

Үч жарым миллиондой шайлоочу 128-орундуу парламентке талапкерлигин койгон 600 кишинин ичинен татыктууларын иргеди.

Байкоочулар добуш бергендер баш калаа Бейрутта жана Ливандын түндүгүндө салыштырмалуу аз болгонун белгилешет. Ал эми өлкөнүн “Хезболла” кыймылынын таасири күчтүү түштүгүндө жарандар шайлоого жигердүү катышты.

Серепчилер премьер-министр Саад Хариринин “Келечек кыймылы” менен Иран колдогон “Хезболла” кыймылына жакындан көз салууда.

XS
SM
MD
LG