Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:53

Базар-Коргон: сот кылмыш жообуна тартылган айыл өкмөт башчысын кызматка кайтарды


Иллюстрациялык сүрөт.

Базар-Коргон райондук соту район акиминин Базар-Коргон районунун Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукуловду ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу буйругун жокко чыгарып, аны кайрадан өз ордуна дайындоо тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук мамлекеттик администрация өкүлдөрү билдиришти.

Соттун чечими 5-декабрда чыккан. Анда мыйзамсыз деп табылган чечимди кабыл алган райондук мамлекеттик администрациядан мамлекеттик алым өндүрүү да каралган.

Райондук прокуратура "токой фондусунун ижарадагы жерлерин мыйзамсыз сатып жиберген" деген негизде Эркин Турдукуловдун үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (“Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу”) менен иш козгогон. 2018-жылдын август айында сот Эркин Турдукуловду күнөлүү деп таап, 100 миң сом айыпка жыккан. Андан соң, район акими өз буйругу менен ушул жылдын 26-октябрында Турдукуловду иштен бошоткон. Район акими Айбек Бегимкулов кийинки инстанциядагы сотко даттануу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Эркин Турдукулов аталган маселе боюнча “Азаттыкка” кийинчерээк комментарий бере турганын билдирди. (RsK\ErN)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG