Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

Украинада «Мыйзамсыз байыгандарды жазалоо» беренеси жоюлду


Киевдегиги коррупцияга каршы акциянын катышуучулары. 27-февраль, 2019-жыл.
Киевдегиги коррупцияга каршы акциянын катышуучулары. 27-февраль, 2019-жыл.

Украинанын Конституциялык соту Кылмыш-жаза кодексине киргизилген «Мыйзамсыз байыгандарды жазалоо» беренесин Баш мыйзамга туура келбейт деп тапты. Соттун түшүндүргөнүнө караганда, берене мыйзамдагы «күнөөсүздүк презумциясы» деген принципти бузат.

Украинанын Коррупцияга каршы улуттук бюросу Конституциялык соттун мындай чечимин сындады. Мекеме билдиргендей, чечимдин саясий жүйөсү бар жана БУУнун, Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) менен Европа Биримдигинин алдындагы Украинанын милдеттенмелерин бузат.

Украина 2015-жылы ЭВФтен насыя алыш үчүн жаңы мыйзам киргизген. ЭВФ бул өлкөдөгү реформаларды ишке ашырууга 17.5 миллиард доллар насыя берген.

Мекеме билдиргендей, берененин жоюлушу «аткаминерлердин кызматынан кыянат пайдаланышына жол ачат» жана соттун чечиминен кийин буга чейин «мыйзамсыз байлык топтоо» үчүн айыпталгандардын иши жабылат.

«Эми акчанын булагы кайдан экенине карабай мүлк сатып алуу мыйзамдуу болуп саналат. Бул - Украинадагы коррупцияга каршы күрөштө артка ташталган кадам жана эски системанын алдыга ташталган кадамы», деп айтылат билдирүүдө.

Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко белгилегендей, «Мыйзамсыз байлык топтоо» беренесин азыркы редакциясында кабыл алууга болбойт. Маалымат каражаттары билдиргендей, президент Петро Порошенко жакынкы күндөрү Жогорку Радага мыйзамсыз байыгандарды жоопко тартуу жөнүндө мыйзам долбоорун сунуш кылат. Анда Конституицялык соттун бардык сунуштары камтылат.

XS
SM
MD
LG